Эркектер төшөк маселесине келгенде баарын билишеби, же билбесе да билем дей беришеби? Карап көрөлү. Мында бир гана төшөк катнашы учуруна байланыштуу фактылар гана жыйналган. · Дүйнөнүн ар бурчундагы өлкөлөрдүн окумуштуулары чогулуп төмөндөгү корутундуга келишкен: велосипедди узак тебүү – эркектердин жыныстык сезимталдыгын басаңдатат. Башкача айтканда, төшөк катнашында канааттануу кыйыныраак болуп калат. Баса, аялдар да велосипедди көп тебүүдө этият болуу керек. · Кофе же курамында кофеин бар суусундуктарды көп ичкен эркектер дагы өздөрүнүн төшөктөгү жөндөмдүүлүгүнө арызданбай эле коюшса болот. · Эркектерде урук чачуу ылдамдыгы саатына 44 кмди түзөт. Орточо эсеп менен алганда, бир эркектен өмүр бою болжол менен 15 литр сперма бөлүнөт. Ооба, таң калычтуу болгону менен, чоң сан, туурабы?! · 100 млн сперматозоиддин 200ү гана энелик уруктукка “тирүү” жетери таң каларлык факт. · Тамекини аз чеккен, же ага такыр кызыкпаган эркектер төшөк катнашына көп барышат. Ошондой эле, аларда жыныстык