Найти тему
Укмуш кабарлар

Леопард үч жаштагы баланы жеп койду

Угандада Елизабет ханыша атындагы улуттук паркта леопард полиция кызматкеринин үч жаштагы баласын жеп койду, деп The Independent басылмасы кабарлайт.

Кайгылуу окуя 4-май күнү кечинде болгон. Үч жаштагы Эдвардды дарыянын боюнда жайгашкан аңчылар үйүндөгү кызматчы аял карап калат.

“Башира Ханги” мамлекеттик жаратылышты коргоо уюмунун өкүлдөрүнүн айтымында, кызматчы аял өзү менен бирге баланын сыртка чыкканын байкабай калган.

Ал баланын кыйкырган үнүн угуп, ага жардам бергенге аракет кылат. Бирок, үлгүргөн эмес. Леопард баланы бадалдардын арасына алып кетет.

Бийлик өкүлдөрү жүргүзгөн издөө иштеринин натыйжасында жоголгон баланын баш сөөгү табылган.

Эми баланы жеп койгон жырткычты жогоруда аталган жаратылышты коргоо уюмунун өкүлдөрү кармап алып, камап коюну пландашууда.

“Ал адам этин жеген соң, адамдарды жегиси келе берет. Ошондуктан, ал жашоочуларга коркунуч жаратат”, - деди “Башира Ханги” уюмунун өкүлдөрү.