Көчөдө кол кармашкан эки жашты көргөндө кээде бири-бирине ылайык эместей көрүнөт. Бейтааныш адамдын сырткы келбетине гана карап баа берип, “жигити сымбаттуу да, кызынын келбети анча эмес экен” деген сыяктуу пикирлерди кездештиребиз. Азыркы кыздардын кыялына айланган кымбат унаасы менен стилдүү кийими бар жигиттердин да тандоосу башка сулуулардын көзүндөгү “анча эмес” кыздарга түшүп жатат. Мунун себебин психологдор мындайча түшүндүрүшөт. Мырзалар сулуулукту башкача кабыл алышат. Жомоктогу айтылуу: “Ошол Шираздын сулуу кызын өмүр бою сүйөр элем, бир меңине Самарканд менен Бухараны берер элем”, - деп ырдаганда, эл башчысы “менин шаарларымды кызга бере тургандай ал ким?” - деп акын менен кызды сарайга алдырат. Аларды алып келишсе, кара тору келген, карапайым кыз экен, мунун кайсы жерине кызыктың дегенде, акын “Ага менин көзүм менен караш керек” деп жооп берет. Мындан улам табитке талаш жок деген сөзгө муюйсуң. Өзүнө атаандаш болуусун каалабайт. Ушундай да жигиттер бар экен. Алар өз жарын