Найти в Дзене
Укмуш кабарлар

Италиядагы миллонер мышыктын жашоосуна көпчүлүк кызыгууда

88 жашында каза болгон италиялык жаран өзүнүн бар мүлкүн Пилу аттуу мышыгына калтырып кеткен. Анна өмүр бою чогулткан бир жарым миллион еврону бир нече жыл мурун көчөдөн таап алган мышыгына мураска калтырды деп segodnya.ua сайты кабарлайт.

Италияда 88 жаштагы аял каза болор алдында бир жарым миллион евро көлөмүндөгү каражатын өзүнүн Пилу аттуу мышыгына мыйзамдуу түрдө табыштап кеткен. Ээси көчөдөн бир нече жыл мурда таап алган мышыгын күтүлбөгөн жерден миллионер кылат.

Эми Пилуга мураска калган каражат италиялык салыкчылар фонду тарабынан башкарылып жатат.

Бүгүнкү күндө Пилу Миландын ээси жок жаныбарлар жайында жашап келет. Ал жерде мышыкка жаңы кожоюн издештирилип жатат. Бирок, ал Пилунун мураска калган каражатын колдоно албайт.

Анна мураска калтырган сумма мышык өлгөндөн кийин жаныбарларды коргоо комитетинин карамагына өтөт.