Күйөөңүздүн сизге дайыма көңүл бөлүп, майда сюрприздер менен кубантып, ар дайым алаканына салып, коргоп жүрүү, же тескерисинче кызыгуунун жоктугу түздөн-түз өзүңүзгө байланыштуу. Демек, сүйүктүүңүз үчүн анын жашоосунун ханбийкеси, же бир гана тамак-ашын даярдап, кирин жуучу кызматчысы болуу өз колуңузда. Албетте, турмушка чыккан соң ар бир аял аялдык бакытка бөлөнүп, күйөөсүнө сүйөнүп, камкордугунда, назарында болгусу келет. Бирок, кантип дайыма күйөөнүн көңүлүнөн табууга болорун көпчүлүгүбүз биле бербейбиз. Анда эмесе, төмөндөгү кеңештерге кулак түрүңүз. Ашык болгон мырза түрдүү кадамга даяр экенин унутпаңыз. Ошондуктан, аны өзүңүзгө ашыктыра билиңиз. Ал эми сүйүктүүңүз сизге көңүл буруусу үчүн биринчи өзүңүзгө көңүз бөлүңүз. Жумушка барбасаңыз да, эртең менен турганда эле өзүңүздү иретке келтириңиз. Чачыңыз таралбай, көзүңүз шишип, арасында эстеп, кир халатыңызды үстүңүзгө иле салып, күйөөңүзгө чай куюп берип олтурганыңызды элестетип көрүңүзчү. Чайыңыз бал даамданып турса да, с