Аламүдүн жана Ош базарларында кечки саат 6лардан түнкү 10дорго чейин үйлөрүнөн жасап келген тамактарды, койдун бышырылган баштарын, шыйрактарын, жылкынын чучук, казы-карталарын арабаларга салып алып, сатып жүргөн аялдарды көрүүгө болот. Мындай тамактарды баардык эле кыз-келиндер үйүндө жасай беришпейт. Биз менен баарлашуудан айрымдары сылык баш тартышса, айрымдары дароо эле “Тартпа камерага, биз менен сүйлөшүп эмне кыласыңар!”деп ороңдоп, кетип калып жатышты. Чогуу окуган Айдана курбум экөөбүз Ош базарын кыдырып жүрүп, казы-карта, чучук саткан катардан Жылдыз эже менен таанышып калдык. Жылдыз эже 15 жылдан бери ушундай соода менен алектенет экен. “Эртеден кечке чучук, казы-карта, койдун туздалган куйругун, быжы сыяктуу кыргыздын улуттук тамак- аштарын сатам,- дейт эже жылмайып. - Чучук, казы-карталарды кыргыздар гана эмес, башка улуттардын өкүлдөрү, чет өлкөлүк жарандар да көп алышат”. Курбум экөөбүз Жылдыз эжеге жардам берүүнү эп көрүп, эженин тамактарын биз да с