Күйөөмдүн койнунда жатып, күйөөнүн кучагына зармын – Менин атым Кундуз. Жашым 29да. Кайсы жердин кызы, кайсы жердин келини экеним анчейин деле маанилүү болбосо керек. Бой тартып калган курагымдан баштап уктар алдында да, уйкудан көз ачарым менен да тилегеним билимдүү, сулуу, турмушка тың, өткүр жигит таап, ага жар болуу болуп жүрдү. Мындай сыпаттарды оюмдан чыгарып эмес, мен иштеген кафеде администратор болуп иштеген баланы жактырганымдан улам айтчумун. Мен эле дейсизби, чогуу иштеген официанттардын баары ага ашык экени ачык эле белгилүү болчу. Кыздардан “Абай тиги кыз менен жүрчү экен. Анан беркиге кетип, анысын таштап салыптыр. Ой, анысын да таштап азыр баланча менен жүрөт дейт” дегендерин уксам да укмаксан болчумун. Мен анын ушундай “белгилүүлүгүн” сүйгөнмүнбү же жактыруу менен ушунчалык көз жуумп койгонмунбу, билбейм. Бассам-турсам аны менен бактылуу болгон кездеримди кыялдана берип, мага көз салып, сөз айткандарды жаныма жакын жолотподум. Тиленип гана жашап жаттым.