Көп эле адамдарды жолуктурдум, бирок таржымалы бай, бала кезинен жамандыкты көп көргөн, жакшылыкты да башынан өткөргөн, табышмактуу адамга биринчи ирет кездешип отурам. Алгач ал киши сөзгө сараңдай көрүндү. Жактырбагансып сүйлөйт... Мүмкүн журналисттер келе берип, сурамжылай берип жадатканбы деп ойлодум. Жок, андай эмес. Элдик табыпка көрүнөм деп келгендердин аягы керели кечке үзүлбөгөндөн экен. Сыркоолоп барбаган жери калбай, аягында ушул, колунда мээри бар адамга келишет турбайбы. Ал киши, албетте, болгон убактысынын баарын кеселдеп келгендерге жумшагысы келет... Анан эле мага окшогон бир “бекерпоз” эшиктен кирбей жатып узун сөзгө тартып жатса ким жактырат?..
Тубаса дарыгер, табыпчы, кыл тамырчы, өнөрлүү адам... Бул кишинин башынан өтө көптөгөн кыйынчылыктар өтүптүр. Туулганда эле тагдыр баланы отко да ыргытыптыр, сууга да салыптыр, толгон-токой адам чыдагыс тозокторго да түшүрүптүр...
Таң каласың беш жашка чыгалек баланын кара чаар жылаанды куйруктан алып ыргытканына! Мындай ишке кичине эмес чон кишилер да даабайт эмеспи. Мүмкүн апасын ажалдан сактап калуу үчүн далбас уруп, коркуу сезимин унутуп койдубу? Бул суроолорго жооп табыш үчүн жылаан менен арбашып көрүү керек. Балким кичинекей Дүйшөндүн апасы Сайрагүл кудай даарыган адамдардан болгондур. Ошол себептен жылаандын да кандайдыр бир жаратылыш берген сезими аркылуу апасы менен арбашканы жөн жерден эместир...
Негедир кырсыктан кырсык жаш баланын башынан кетпеди. “Кырсык деген каш-кабактын ортосунда”. Мындайды кудай башка салбасын!.. Айбан деген айбан да! Ал эми байталды кубалаган айгыр айбандан да ашып түшөт эмеспи. Каргаша басып жаш бала ошол маалда жиниккен айгырдын жолунда туруп калганын карабайсыңбы!? Кубалап келатып байталдан башканы көрбөгөн айбан жыгылган баланы тебелеп кетип жатпайбы. Тебелеген жери да баланын башы! Элестетип көрсөңөр: баш сөөгү үчкө бөлүнүп калат деген не шумдук!?
Келгендердин баары болоор болбос жаны бар баланын жаны азыр чыгат, мына чыгат деп күтүп калышат. Ошондогу Сайрагүл апанын абалын кудай эч кимдин башына салбасын. Алгач эл аны күйүттөн айнып кетти дешти. Бирок эрки күчтүү аял эсине келип, азыркы тил менен айтканда кома болуп жаткан баласын эч кимге бербестен жалаң эмчектин сүтү менен бага баштады. Ооба, өзүнүн эмчектеги сүтү менен! Беш жаштагы баласына ийип бербедиби Сайрагүл апа! Төрт ай бою өзү карады, ооруканага да алпарган жок жана догдурга да көрсөткөн жок. Ал кезде алыскы тоо арасындагы унутта калган айылда кайдагы догдур!? Өзү терип келген чөптөрдү күнү-түнү ийлеп, дубалап жасаган дарыларын колдонду. Өзү “операция” жасап, баш сөөктөрүн бириктирип таңды, тикти... Кыскача айтканда, өзү “нейрохирург” болду!
Мындай иш дүйнөлүк практикада болбосо керек!? Ошентип өлөт деген бала апасынын сүтү менен, апасынын табыпчылыгы менен, апасынын ишеними менен, апасынын мээрими менен кайра жарык дүйнөгө келди! Өлөт деген бала тирилди!
-Мына, ошондон калган эстелик,- деп күлүп, Дүйшекең тумагын алып өңгүл-дөңгүл болгон башын көрсөттү. - Убагында Чомо таятам дубанын күчү менен жалгыз кызы – менин апам Сайрагүлдү ажалдан кайтарса, апам энелик ак сүтү менен мени – жалгыз уулун өлүмдөн алып калды.
Ал аз келгенсип тагдыр дагы сынайт! Элүү метрлик Кызыл-Жардан кулатат! Окуя мындай болгон. Апасы Сайрагүл Жумгалга өзүнүн таякелерине жолугам деп кетип үч-төрт ай жүрүп калат. Апасы жокто Суусар таежеңеси кичинекей Дүйшөндү каалагандай жумушка салат. Ансыз деле жаратылышынан жоопкерчиликтүү, элпек бала үйдөгү баардык жумуштарды аткарат. Бирок, “бала, баланын иши чала” дегендей, ошол маалда оюнга алаксыйт. Кайтарган уйлары Кызыл-Жардын кырында жуушап жаткан эле. Аңгыча бошонуп кеткен бир музоо келип энесин эме баштайт. Бир аз кечигип байкап калган бала аны ажыратам деп далбастайт. Алы жетпегенинен тикенектүү кызыл куурай менен арт жагынан музоону чапса, уйга тиет, анысы арткы туягын шилтеп жиберет. Таамай тийгенден бала жардан алыс учат!.. Ошондо ат эмес эшек мингенге зар болуп жүргөн баланын кыялы орундалат. Эшекке мингизип жетелеп алышат. Шалактаган эки бутунун оорууганына карабай, “эшек минип келатам, карагылачы” деп жөө-жалаң жандап жүгүргөн балдарга мактанганына таң бересиң.
Андай жардан бирөөлөр куласа сөөгү сөпөт болуп, кыйналбастан дароо жаны чыгат беле? Колдогону бар экен, Дүйшөндүн бир буту быркырап чорт сынат, экинчиси шыйрак сөөгүнөн жарака кетет. Ошондо Абыл таякеси таап келген аппак сакалдуу сөөкчү Табып Ата айткан экен: “Кудай сактаптыр. Периштелер сүйөмөлөгөн. Болбосо өпкө-жүрөгү үзүлүп өлмөк. Бери дегенде мээси козголуп, дөөрүп калмак. Антүүнүн ордуна акыл-эси өсө түшкөндөй, чыдам- кубаты кошулгандай. Бул кырсык балага пайда алып келгендей...” деп таң калып баланын маңдайынан сылаптыр. Зээндүү Дүйшен болсо сөөкчү Табып Атанын ар бир сөзүн тыңшап, сыйкырдуу колдорунун ар бир кыймылын байкап, адам чыдагыс, наркозу жок “операцияга” кың дебей жатып берет. Быркырап сынган бутунун ар бир сыныктарын калыбына келтирүү учурунда чыдабай “какый!” деп бутун тартып алса эле “операция” кайрадан кайталанып, тозоку кыйноо кайрадан башталмак. “Баракелде! Чыдамкай жан экенсиң! Бар бол, балам!” дептир Табып Ата. Сыйкырдуу манжалары менен буттарын этияттап укалап, ордуна келген майда сөөктөрүнөн бери беш-алты ирет текшерип көрөт да, өзү ала келген, ар кайсы чөптөрдөн кошуп жасаган дарысын сиңире шыбайт. Ошондогу Табып Атанын айткан ар бир сөзүн зээндүү бала эсине түйүп калат. “Бу дары койдун куйругунан кем эмес кубат берет. Сөөктү жандантат. Бириктирет. Чор кайнатат. Бүтүрөт. Этти чыйралтат. Тирилтет. Бизге билинбеген менен жыты, уусу бар. Бит жолотпойт...” деп айткандары бүгүнкүдөй эсинде. Аягында жылуулап ороп, эки бутуна тең шакшак койот. Кыйналган Дүйшөн ошондо жаны жай алып эки күн катары менен көзүн ачпай уктаптыр... Бирок, сөөкчү Табып Ата карып баратканбы, канчалык шакшакты кылдат койсо да буту кыйшык бүтүп калыптыр. Апасы Сайрагүл аны көрүп баласынын келечегин ойлоду окшойт. Кайра сындырып, дарылап, кайрадан шакшак койгонун карабайсыңбы?! Ал эми наркозу жок чыдап берген кенедей бала Дүйшөндүн жүрөктүүлүгүн, кайраттуулугун, чыдамкайлыгын карачы!!!..
Биздин каарман Дүйшөн бешиктен бели чыкпай жатып аябаган азаптарга, башына түшкөн мүшкүлдөргө чыдап, кээде тиги дүйнөнүн босогосуна чейин жеткирген оор кырсыктардан аман калганына таң бересиң! Бала туулганда эле бышып төрөлсө керек, же чын эле колдогондору барбы?..
Сынган буттары чала айыкса да, баланы таежеңеси талаага жумшайт. Курсагын тойгуса тамак берет деген үмүттө башка балдардан эки эсе көп отун терет. Абайлап араң дегенде көтөрүнүп үйгө келсе, айылдап кеткен апасы жаңы эле келген экен. Баласына боору ооруп: “ Буттары сынган баламды неге отунга жибересиң, таш боор!?” деп Суусарга сүйлөнөт. Сөздөн сөз чыгып экөө катуу урушат... Болушаар кишиси Абыл таяке жеке чарба иштери менен кетип, үйдө жок эле. Аны күтпөй ачууга алдырып үйдөн чыгып кетишет...
Элестетип көрөлүк. Ээн талаа.Тоо этеги. Жалгыз аяк жол. Таңылган жууркан-төшөктөрүн, идиш-аяктарын, болгон дүнүйөсүн жонуна даңкайтып көтөрүп алган аял эңкейип басып келет. Артында сылтып баскан беш жашаар баласы бар... Кандай кайгылуу адам чыдагыс көрүнүш! “Башына күн түшсө байтал жорго” деп кыргыздар бекеринен айтпаса керек. Караңгыда келатып, кудай жалгап, көчөбүз деп камынып жаткан чабандарга жолугушат. “Кудайы конокпуз!” дейт сүйүнгөн апасы. Ошол замат аксакал кишиси ойлонбостон чабандардын бирөөсүнө дайындайт. Жалгыз бой жаш чабан бүктөлгөн чатырын кайрадан тигет. Башкалары жолдон калбай кете беришет. Мына, нукура көчмөндөрдүн жазылбаган мыйзамы! Эч кимдин баш тартууга акысы жок. Тескерисинче, ал кезде кудай жиберген кудайы конокту тосуп алуу чоң сыймык болгон, болгон тамагын тартып коноктогон... Ошондо Сайрагүл апа батасын берип, көзү ачыктык кылып, үйлөнбөгөн чабан жигит жыл айланбай жубайлуу болоорун айтат...
Кудай жалгап, ошол 1959-жылы жакшы адамга – Кызыл-Жылдыз айылындагы мектептин директору Күмүш эжеге жолугат. Ал мындайча. Апасы бирөөнүн кеңеши менен Чаекке барып, райсоветке барып кайрылса, ошол мектептин директоруна дайындайт. Күмүш эже боор тартып Сайрагүлдү шыпырып-жыйноочу кылып алат. Дүйшөн аны “апа” дейт. Жашаган жери да Күмүш апанын үйү, жатканы ак шейшеп... Жалгыз бой эже аны өз баласындай кылып эркелетип, кийинтип, кайда барбасын ээрчитип алат. Кичинекей Дүйшөн жаңы, таза, бүтүн кийим деген кандай экенин ошондо көрөт. Апасынан башка да жакшы кишилер, мээримдүү эже-энелер бар экенине көзү жетет. Күмүш апанын аркасы менен мектепке барып алты жашында эле окуй баштайт.Турмуштары жакшырат, баары сонун...
Бирок, көп узабай тагдыр бул кичинекей үй-бүлөнү дагы сынайт. Ошентип турмуш оңолуп, кембагал жашоо бүттү го деп турганда, апасы, жакын сиңди болом деген Алиман аттуу аял менен таанышат. Анын азгырыгы менен Чүй бооруна бармак болушат. Күмүш апасы жакшы эле каршы болуп чырылдайт, калгыла десе да болбой көчүп кетишет. Жарым жылдан соң апасы күйөөгө чыгат. Колунан көөрү төгүлгөн уста киши экен, оокаттуу, боорукер, жаман сүйлөбөгөн, табышкер адам. Бирок, көп узабай анын көмүскөө “өнөрү” бар экени билинет. Көрсө ал арак-виного жакын экен. Достору менен жумалап ичет кээде. Албетте, беш маал намаз окуган такыба аял Сайрагүлдүн жүрөгү ооруйт, аябай зээни кейийт. Арга жок, балдарын ээрчитип кетип калат.
Кайрадан баягы жакырчылык. Эптеп оокаттарын кылып, өлбөстүн жашоосун кылып жүрүшөт. Көп узабай ал аз келгенсип апасына “жандуу илдет” жабышат. Колу-бутун байлашып далай молдолорго окутушат. Айыкпайт. Ошентип азаптуу күндөр күчөйт. Бир күнү Дүйшөн мектептен келсе үйдө эч ким жок. Апасы керебетте жатат, баягыдай эле таңылуу. Ойгоо. Сопсоо. Ооругандай түрү жок. “Колдорумду бошотуп койчу, жиптер өтүп кетти” деп суранат баласынан. Боорукер байкуш чечип салат да, аркы бөлмөгө кирет, кайра эле чыкса апасы жок керебетте. Терезени талкалап секирип качыптыр. Жүгүрүп сыртка чыкса изи да жок. Короодон ары, жээгин камыш баскан туурасы ат чабымдай көл бар эле. Ошонун үстүн чаңытып, куюнга окшоп сууну сапырып жүгүрүп баратканын көргөндөр болуптур. Кечке ат минип издешет, Казакстандын Кордоюна чектеш талаада эс-учун билбей жаткан жеринен таап келишет. Таңкалычтуу! Кийиминин эч бир жери суу болбоптур! Кайрадан керебетке таңышат.
- Кээде апамдын ооруусу катуу кармаганда аябай жулкунаар эле, жерден керебет менен кошо көтөрүлүп барып кайра жерге күп эткенин өз көзүм менен көрүп жүрдүм, - дейт Дүйшөке энесин эстеп улутуна.
Жаз келип ала-шалбырт болуп турган маалда 1961-жылы Сайрагүл апа каза болот. Дүйшөн аябагандай кайгыга батат. Көзүнүн жашы токтобойт. Өлгөнүнө ишенбейт. Анткени өлөөр түнү апасы менен кучакташып көпкө сүйлөшүп жаткан эле. “Апамды тирүүлөй эле көмүп коюшту, уктап жатса керек, мен аны ойготом” деп барып мүрзөсүн казган күндөрү да болду.
Ошентип азаптуу күндөр кайрадан улантылып, кайрадан күчөйт. Сүйүн эжесин жаштайынан, он бешке чыгалекте күйөөгө зордоп беришип, таяке, тайжезделери калымга марышат. Дүйшөндү Мамбеткан таякеси Сары-Камышка алып кетет. Мектепке барарда:
-Таятаңдын артында туяк калган жок. Ошондуктан сен мындан ары Чомоев болуп жазыласың, - дейт таякеси.
Атамдын аты буюрбай,
Таятамдан тукум уладым.
Артында туяк калганын,
Билбеймин атам туярын.
– дейт Дүйшөкең кийин эс тартканда...
Жетим баланын көргөн азаптуу күндөрү күчөп эки эселенет. Үйдөгү жумуштардын баарын жасаса да жарытылуу курсагы тойбойт, же түзүк кийимге жетбейт...Таежеңеси өзүнүн балдарын жумшабай, “атка жеңил, тайга чак” Дүйшөндү эле кыйнай берет. Бир күнү дагы кырсык басат. Кыш чилдеде таежеңеси там башына чыгарып тунуке менен жабылган чатырдын карын күрөтөт. Белин аркан менен байлап экинчи учун тамдын аркы бетинде эки баласы кармап турат. Жука кийимчен байкуш жетим бала сөөктөн өткөн муздак шамалга карабай кар күрөйт. Ортолоп калганда буттары калчылдап тайгаланып там үстүнөн учуп түшөт. Көрсө тигил экөө аркандын учун таштап, жылынып алалык деп үйгө кирип кетиптир. Үч күн эс-учун билбей ажал менен алышып жаткан Дуйшөндү Кара бакшы Бекбоо тыным албай дем салып жатып бутуна тургузат. Апасы да улам түшүнө кире берип жардам берди окшойт...
Ооба, апасы дайыма жардам берет, кыйналып турган убакта. Бир ирет Нарын суусу менен Көкөмерендин “Жака” аттуу куймасында Каныбай карыя экөө айылдын эки миңдей койлору менен кезүү кайтарып жүрүшкөн. Кыштын кыраан чилдеси дооран сүргөн, “кылдай чөптү каңырыктай муз каптап” турган мезгил. Суук аябагандай күчөгөндөн күчөйт. Арык-торук койлор четинен өлө баштайт. Азыктары түгөнүп Каныбай аксакал чөптөрдүн дандарын жанчып жарма жасайт. Аягында бир ууч талкан калат. Алдары кетип Өтөктүн үңкүрүнө кирип төр жагына ылымтага жатышат. Кой-эчкилер кошулуп аларга ыктайт. Ачкадан алсырап жаткан түнү апасы түшүнө кирип белги берет... Эртеси Каныбай карыя жаткан жеринен, коңулдан беш курут таап алат. Үнөмдөп күнүгө бирин майдалап жармага кошуп кайнатып ичишет. Бир күнү сыртта жүрүшсө карыянын Тайгашка аттуу аргын ити аксак телкини бери көздөй, өргө кубалап келатат. Алдынан кыйкырып чыгышат. Телки буйдала түшкөндө ит толорсугун кыя тиштейт, туралбай калганда алкымдан алат... “Жардынын байыганы бир тойгону” эмеспи, жыргап кийиктин этин жешип марышат, арткан этти үйлөрүнө апкелишет.
Үйдө болсо баягы эле жашоо, көр турмуш. Таежеңесинин каргышына, тилдегенине кулак бышып бүткөн. Үйгө киргенден заарканат. Үшүгөндө короодогу үйүлгөн кыкка көкүрөккө дейре көмүлүп, тоңуп калган буттарын, бел-көчүгүн ысытып “жыргайт”. Үйгө кирсе:
-Пүф-ф! Сасыган өлүгүңдү көрөйүн!.. Барчы ары, темтейбей! Ме, иттерге куюп кел,– деп тайжеңеси жугунду куйган идишти карматып үйдөн кууп чыгат. Ичи толо коюу кесме, желбей калган эт! Далиске чыгып кесме камырдан, эттен сугунуп алат. Бир ирет ошентип “тамактанып” жатса, таякеси, кашайып, терезеден байкап калбайбы! Анан көрүп ал!.. Аялын көкала койдой сабайт!
-Үйдүн кутун, берекесин учурган акмак, азабың, кесириң өз башыңа тийсе мейли эле... Баарыбызга жүгүң артылабы деп корком. Кудай ошондон сактаса экен, – дейт таякеси колундагы сынган камчысын ыргытып...
“Дайыма мен үчүн таяк жейт. Жок, чындыгында өзү үчүн. Байдын ашын байкуш аяйт болуп. Анысын ал койбойт, сабаганын таякем койбойт. Ортодо жек көрүмчү мен,” – дейт Дүйшөкең эскерүүсүндө.
Жетинчи класста окуп жүргөнүндө дагы бир ирет ажалдан аман калат. Анда да кыш мезгили. Андан мурун таятасы Чомо түшүнө кирген...
Таякеси кыштоодогу жылкыларды көрүп, түгөлдөп келүүгө жиберет. Ат мингенине кубанып жыргап баратса туура жолдон Илбайдын буурасы капысынан качырып калат. Кирген буура эч кимди аябайт, чайнап салаарын билет. Аты тың болсо да, жиниккен айбан сая түшүп алат. Кууп жетээрде, шамдагай бала ээрдин үстүнө тура калып капталдагы жар бооруна секирет. Тырмышып өйдөлөп, жар үстүнө асылат. Буура буркулдап, шилекейин чачыратып, ары-бери жүгүрүп, баланы кайтарат. Чайнап салмайынча кеткиси жок. Дүйшөн таканчыктап көпкө турат. Бороон башталып, катуулайт. Күн батарга жакын, буттары эч нерсени сезбей зыңкыйып тоңо баштаганда алыстан беш-алты атчан көрүнөт...
Эс учун билбей ысып-күйүп үйдө үч күн жатат. Бекбоо бакшыны дагы алдырат. Муңдуу обонго салып ырдап, керосинге курмушу салдырып, баланы бөлөп, үч күн сордурат. Бир жума кийиз күйгүзүп басат. Үшүк алган буттары калыбына келет. Ичээр суусу, көрөөр күнү бар экен, мында да бала аман калды. Бекбоо бакшы өзү касиеттүү сыйкырлуу киши эле... Бир курдай ал киши менен атчан баратып жолдон токтоп эс алышат. Күн батып иңир кирген маал. Андан ары атчан басуу мүмкүн эмес эле, аттарын жөө жетелеп жөнөшөт. Ошондо Дүйшөн таң калат! Астыдагы Бекбоо атанын таманынан от чыгып, учкундар чачырап баратты! Суу жээгине жетип эс алганы отурганда атайын карайт, бутунда кадимки эле өгүздүн терисинен тигилген жумшак чарык. Чыдабай:
-Ата, сиз баскан сайын таманыңыздан от чыгып баратты да?..- десе,
- Унчукпа, балам! Чоңойсоң баарын айтып берем, - дейт Бекбоо ата. Бирок, бой жеткенде экөө кездешбей калат.
1968-69-жылдын кышы өзгөчө суук болду. Кар калың жаап чөп-чар түгөнгөн кез. Өлгөндөн калган төрт жүздөй кой-эчкилерди жалгыз айдап Кара-Чүйлү кыштоосунан жолго чыгат. Таякеси жолдон тосуп алам деп айттырат. Жарым жолдон Ботояндын үңкүрүнө келгенде бороон-чапкын башталат. Көз ачырбай кар жаайт. Калың жааган карды жиреп жол салайын десе кибиреген бою менен алы келбейт. Ылымта издеп үңкүргө кирет. Мал да жылуулукка качырып кичинекей баланы көзүнө илбей тебелеп-тепсейт. Азыгы да түгөнөт. Койлор да ачкалыгынан бири-биринин жүнүн жей баштайт. Мал четинен кырылат. Ал аз келгенсип карышкырлар күчөйт. Түнкүсүн үңкүрдүн оозуна чейин келишип койдун эттүүлөрүн “тандап” жешет... Үңкүрдүн төрүндө көздөрүн алайтып үшүп жаткан балага көңүл бурушпайт. Жырткычтар да коргоочулардан коркушту окшойт. Араң жети күн дегенде Мамбеткан келди. Экөө кучакташып көрүшөт, бала боздоп ыйлайт. Көрсө Абыл таякеси көчкү астында калып, аны издеп таап, зыйнатын жасап, топурак салып келгиче ушунча убакыт кетиптир... Жер жайнаган малдан айылга жыйырмадай жөткүргөн кой-эчкилерин айдап келишет. Ошентип Дүйшөн жараткандын дагы бир сыноосунан өтөт.
Сыноолор ушуну менен бүтсө кана? Дагы бир жүрөк түшүргөн окуя Тер-Жайлак жайлоосунда болот. Бээлерди саанга даярдаш үчүн таң атпай жылкыларды айдап келгени жөнөйт. Бул жумуш Дүйшөндүн мойнунда. Көнүп калган. Коркуу сезими да жок. Бою кичине баланы жырткычтар бийик чөп арасынан байкабайт окшойт. Же чын эле баланы кайтарган периштелери бар сыйкы... Жарым жолго жетип калганда алдынан жылкыларын айдаган Бейшембай ата чыкты. Бирдемеден чоочугандай түрү бар. Салам айтып учурашкан соң атынан түшүп тизгинди балага карматты.
-Ме, минип ал! Мен ылдыйга жөө эле басып барам. Жылкыларың алыс – Кызыл-Көлдүн ойдуңунда жүрөт...- деп ой-боюна койбой баланы атына мингизет. Мындай сыйды өмүрү көрбөгөн жетим бала бир чети таңкалып, бир чети сүйүнүп жылкыларын тез эле таап, айдап келе калат. Кулундардын баарын желеге байлап бүтүп үйгө кирсе:
-Тиги акемдин атын үркүтүп, жыгып, ал аз келгенсип атын тартып минип алган турбайсыңбы!? Ал байкуш тил-ооздон калып үйүндө жатат. Балдары эми сени өлтүрөт, - деп таежеңеси “сүйүнчүлөйт”.
Ошол күндөн баштап Дүйшөнбек үчүн эки эселенген тозоку күндөр башталат. Ансыз да өмүрү жакшылык көрбөгөн бала ого бетер чүнчүйт. Бейшембек атанын балдары көрүнсө качат, байкатбай жашынып калат. Алар эки-үч курдай ээн жерден аңдышыптыр. Бирок, кудай жалгап, ошол учурда башка жол менен бастырып, баланы периштелери дагы колдоптур. Арадан үч ай өтөт. Бейшембек ата дале тил-оозсуз жатат. Бекбоо бакшы жумалап окуса да айыкпады...
Аңгычакты, бул табышмактуу окуянын себеби табылгансыйт...
Эмесе, шашпай сөз кылалык... Бир курдай, түн ортосунан оогон маалда кызуу уйкуда жаткан баланы тайжеңеси көсөө менен шыйракка чабат:
-Шүмшүк! Ой,акмак! Сен тыркыйып уктап жатасың! Короодо койдун көбү жок! Тур! Тур дейм ой! Издебейсиңби!? Же...
Сыздаган шыйрагын сыйпалап сыртка жүгүрүп чыгат. Иттердин үргөнү башкача. Уйлар мөөрөп, аттар кишенеп, негедир үйлөргө ыкташат. Мындай учурлар, карышкыр тийип, мал үркүп, бөлүнүп ыдырай качкан күндөр көп болгон. Өлгөндөн калгандарын чогултуп таап келишчү. Коркконду билбейт. “Денем өлүп калганбы?” деп ойлоп койчу Дүйшөн. А бирок, бүгүн кандайдыр бир коркунуч ээрчип алгандай. Дене бою дүркүрөп баратты. Колунда таягынан башка куралы жок. Дөңсөдөн дөңсөгө чыгып-түшүп отуруп ончакты койду тапты. Андан ары жара тартылган эки кой жатат. Карышкыр эмес илбирс го деген ой келет. Жайлоочулардын койлорун бүт аралаштырып салганына караганда толгон-токой илбирс келгендей... Улам жогорулап отуруп дагы бир койдун өлүгүн табат. Күрөө тамыры гана кыйылган. Аккан кан көрүнбөйт. Канын соргон кандай жырткыч? Жүрөгү түшкөн бала табылган койлорду төмөндөтө айдап салып дагы жогорулайт. Таң агарып калган маалда бир аз шердене түшөт. Кезектеги дөңсөгө чыга калса, кудай сактай көр, коктуда өлгөн койдун жанында эңкейип бирөө чөгөлөп отурат. Бою чакан мыртыйган неме окшойт. Жакшылап караса бүт денесин жүн баскандай. Баланы көрүп арткы эки бутуна тура калып бир чаңырды дейсиң! Тоолор жарылып, кара жер силкинип кеткендей болот. Чаңырганда оозунан кан атып кеткенсиди... Баланын денеси ташка айлангандай ордунан жылалбай туруп калат. Чекесинде чоң жалгыз көзү бар экен. Кишини жутуп жиберчүдөй карайт. Оозу чоң, тумшук сыяктуу чыгып турат. Денеси булчуңдуу, чымыр, көгүлтүр түк баскан. Дүйшөн колундагы таягын көтөргөн бойдон былкылдабай тура берет. Баланын жыгылбай айбат көрсөткөнүнөнбү, же колдогондорун байкадыбы, айтор, кош аяктап секире качып жөнөдү. Эшик төрдөй жерди бир аттап заматта көздөн кайым болду... Айылдагы эркек аттуунун баары куралданып жабыла чыгышат, бирок бир нече күн издешсе да таппай кайтышат. Желмогуз жер жуткандай жоголот.
Күзүндө, эл жайлоодон түшкөн маалда таякесинин уруксаты менен Бейшембай атаны көргөнү барат. Ал киши жаздыкка жөлөнүп чалкалап отуруптур, дароо башын көтөрөт:
-Чакырчы, Итикулду... Балдарды... Баарыңар уккула! Силер дагы!.. – Үч айдан бери тил-ооздон калып сүйлөбөй жаткан абышка бала келгенде бабырап сүйлөй баштайт.Баары чоочуп кетет. – Баарыңар уккула! Бул жерде Дүйшөнбектин эч күнөөсү жок. Тескерисинче, бу бала кирип келсе көмөкөйүмө жан кирди, кудай жалгап... Эми уккула! – деп Бейшембай ата баарын айтып берет. Көрсө, ал киши да жанагы чаңырык желмогузга жолугуп, жүрөгү түшүптүр... Бирок балага жолукканда сыр билдирбей атын мингизет. Жаш неме тиги жалгыз көздүү желмогузду көрө калса, ат менен качып кутулуп кетсин дегени го... Өзү болсо үйүнө келип эле жыгылат, бир эле сөз айтканга үлгүрөт: “Дүйшөмбек” деп. Ошол себептен балдары шекшип калат, туугандары, атүгүл айылдагылар да...
Андан соң бала да Бейшембай атага чаңырыкка жолукканын айтып берет. Аксакал аягына чейин кунт коюп угат.
-Андан аман калыпсың, өмүрүң узун болот экен. Ал тургай ал сенден качкан турбайбы! Бу деген жамандыктын сенден качканы, - дейт.
Бала кетээри менен Бейшембай ата кайрадан тил-ооздон калат. Эртеси таң заарда жантаслим болот... Көрсө периштелери өз убагында ээрчитип барган турбайбы баланы!
Дүйшөндүн башынан өткөн дагы бир окуяны айтуу керек. Бул жерде, тилекке жараша, кырсык болгон жок. Мында кары адамга жардам берип эрдик көрсөтөт... Нураалы абышканын кезүүсү келип Кайдулат уруусунун кой-эчкилерин кайтарып жүргөн. Жайыт кенен болгондуктан таң атпай малды айдап жиберип кечинде айдап келмей. Албетте, кээде көз салып туруу керек. Ошол күнү кашайып кой-эчкилер от кубалап адам чыгалгыс Чоң-Мандалактын жалама зоосуна чыгып кетишиптир. Эл аны “Барса-Келбес” деп да аташат. Ал жакка чыккан мал кайра түшө албайт, ачкадан жыгылып өлмөйүнчө кыймылдабай тура беришет. Аргасыздан мал ээлери ит-кушка жем болгуча деп “мергенчилик” кылып кой-эчкилерин бирден атып түшүрүп алышат. Кеткен чыгымдар кесүү кайтаргандын мойнуна салынат. Нураалы аксакал ошол “Барса-Келбес” асканын жанынан көктү карап турса Дүйшөн келет. Баланын жаштайынан эч нерседен коркпогон көктүгү бар. Апасы Сайрагүлдөн калса керек. Бешке чыкпай жатып уулуу жылаанды куйруктан алып тегеретип ыргытканы бекеринен эместир. “Ата, кейибеңиз, бир саатта түшүрүп берем” дейт. Баланы аяп “Кожожашка окшоп аскада каласың, чыкпа!” деп каршы болот аксакал. Ага болбой өтүгүн чечип салып, жеңилденип алып чыга баштайт. Аркан бою көтөрүлгөндө түшүнөт оңой эмес экенин. Бирок артка чегинүүнү ойлоп да койбойт... Чымырканып чыга берет жанын оозуна тиштеп алып... Тээ аш бышымда араң жетет. Кептин баары эми кайра кайтышта. Жалгыз эмес малды кошо ала түшүү керек. Кой-эчкилер маарап Дүйшөндү тегеректеп калат. Бала да болсо караан тутушат. Арасында чоң ак серке бар экен, айдаса да, урса да ордунан жылбайт. Малдын баарын ээрчитип, кылгылыкты кылып... Эми коркуп түшкүсү жок, “Бакылдаган текени суу кечкенде көр...” дегендей. Бала ойлонуп амалын табат: мойнунан да, мүйүзүнөн да байлап алып ылдый сүйрөп жөнөйт. Кежеңдеп артка кетенчиктесе да күчкө салат. Төрт аягы ташка сыйгаланып баратат, артынан калган эчкилер, койлор да өлөөрүнө карабай ээрчишет. Токтоналбай тоголонуп аскадан учуп, баланын үстүнөн, жанынан кулагандары да бар... Бирөөсү эле балага тийсе кошо ала кетмек, сөөгү сөпөт болмок... Ичээр суусу бар экен, аман-эсен түшөт. Ошентип малдын көпчүлүгү тирүү калат. Ошондогу Нураалы аксакалдын таң калганын айтпа: “Балам жүрөгүң тоодой экен, тайбас, шамдагай экенсиң! Көп жаша, эч качан эч нерседен кем болбо! Ушул аска ушундан ары Чомонун аскасы болсун!” деп батасын берет. Анткени Дүйшөндү көпчүлүгү таятасынын атынан Чомо деп айтышаар эле...
-Азыр ал асканын жанынан чоң жол - Түндүк-Түштүк альтернативдүү магистралы салынууда. Баягы биздин унутта калган айылыбыз Сары-Камышка эми 2-3 саатта жетип барабыз. Жыргап эле калдык. Совет мезгилинде эң биринчи болуп Мамбеткан таякем чатыры бийик тунукелүү там салган. Курулуш материалдарды эшек-өгүз менен далай ташыдым. Аска боорунан жалгыз аяк жол өтчү. Бир курдай жети эшекке жыгач-тактайларды артып келатып, үч эшекти жүк-мүгү менен Көкөмерен дайрасына кулаткам. Ой да, ошондо таякемден таяк жегем... – деди Дүйшекең күлүп. – Раматылык, ачуусу чукул, бирок, жакшы киши эле. “Көрөсүңөр, кийин Сары-Камыш шаарга айланат” деп көп айтчу. Жараткан жалгап, чоң жол бүтсө, чын эле... Жол демекчи, тар жолдун жакшы жагы да бар экен... Илгери айылыбызда эки бир тууган катуу урушат. Улуусу Базарбай “Экинчи жүз көрүшпөйм сени менен” дейт. “Антпеңиз, Катуу-Багыттан кездешсек кантебиз?” дейт иниси Барпыбай. Ошентип экөө көпкө көрүшпөй, катташпай калат. Бир күнү эки тоо ортосундагы айтылуу Катуу-Багыт жалгыз аяк жолунан жолугуп калышат. Бир атчан араң баткан жолдо бурула турган жери жок. Иниси, “Айтпадым беле” дейт каткырып, агасы да аргасыздан күлүп жиберет. Экөө ошентип аттан түшүп кучакташып жарашыптыр,- деди Дүйшөкең жылмайып.
Онунчу классты аяктап мамлекеттик экзамен тапшыруу алдында Мамбеткан таякеси сөз укпай, жылкы карайсың деп тоого жөнөтөт. Айла жок, айтканын кың дебей аткарып көнгөн бала жайлоого мал айдап кетет. Бир ирет жумуштап жакага түшсө, кашайып капыстан класс жетекчиси Токтомамбет Жээналиевге жолугат. Эмне дээрин билбей кызарып туруп берет. Агайы эч нерсе сурабастан үйүнө ээрчитип барат.
-Комиссия менен кеңешип сенин шартыңды, акыбалыңды түшүнүп туура бир чечимге келдик, - дейт. Дагы көптөгөн жакшы сөздөрдү айтып, баланын колуна орто мектепти бүттү деген аттестатты карматат.
Кубанычы койнуна батпай үйүнө жүгүрүп барып сүйүнчүлөйт, окууга барарын айтат. Таякеси үйлөнтөм дейт. Атүгүл кызды да табат. Бирок ал кыз жактырбайт баланы. Кичинекей кибиреген “жигитти” ким жактырмак эле? Таякеси башка “кандидат” издей баштайт... Окууну эңсеген өжөр бала үйдөн качып чыгат. 1971-жылы жайында, жетимдин бышыктыгын карачы, Кара-Балтада райисполкомдо иштеген Ташкенбай Үмөтов деген таякесин таап алат. Жээнин медициналык окуу жайына киргизет. Анысы балага жакпай калып, өз алдынча ПТУга трактористтин окуусуна тапшырат. Сентябрга чейин убакыт болгон соң Сары-Камышка кайра келет. Таякесине айтып мактанат. Ал катын алып берем дейт. Дүйшөн каяша кылат, байкоосуздан таякесин с жиберет... Албетте, анан дагы таяк жейт.
Сентябрь айы башталат. Кызыл-Көлгө барып карагат тергиле дейт таякеси. Окууга барам деп кантип айтат!? Бирок, беттегенин бербеген бала Апендиге айтып, план түзөт. Ал таякесинин баласы, чын аты Абдиталип, экөө абдан ынак. Эки ат менен чыгышат, айгырды Дүйшөн минет. Тоого жете бергенде айгыр аңкилдеп алакачкандай кылып бала бир жагына кыйшайып чаап жөнөйт. Апенди баш болгон балдар кыйкырган бойдон калышат. Тынбай чаап отуруп чоң жолго жетет. Айгырдын оозун тартып, терин кургатып, үзөнгүлөрдү ээрдин кашына илет да, кайра артка айдап жиберет. Андан ары жөө жөнөйт. Четиндиге жакындаганда кууп келаткан Мамбеткан таякесин көрөт. “Эми өлтүрөт!” деп ойлойт. Жолдон чыгып шилбилердин арасына жашынат. Байкап калган экен, тушуна келип аттын тизгинин тартып:
-Байкушум, шордуум! Түшүнбөдүң! – дейт үнү каргылданып. – Окуу үчүн канча каражат керек!?.. Эжекемдин арбагын ыраазы кылып катын алперейин, мал-сал бөлүп берейин десем... Ирденсин, бутуна турсун дедим... Ага түшүнбөдүң... Мен деле ооруп жүрөм... Түшүм жаман... Сенин мээнетиңден кутулайын деп далбас урдум... Сен тескери түшүндүң, каралдым. Эми бери кел, чындап коштошолук. Кийин түшүнөөрсүң, каралдым, - деп көзүнө жаш алса эңгезердей болгон таякесинин тула бою солкулдап кетет.
Баланын да муун-жүүнү бошоп, буркурап ыйлап келип мойнунан кучактайт. Коштошот... Ошондо бала азаптуу өмүрү менен да коштошуп тургансыды... Балалыгы менен да... Дүйшөн ушинтип турмушка өз алдынча кадам таштайт 200 сом (рубль) менен! Жашоосунда чоң бурулуш башталат. Жакшы адамдарга жакындайт, боорукер адамдар көп экенин байкайт. Баса, ушундан кийин Мамбеткан таякесин “байке” дегенге өтөт.
Тракторчунун окуусун бүтүрүп Суусамырда иштеп калат. Жаңы кесипти бат эле өздөштүрүп кетти. Башынан кыйынчылыкка бышкан балага бул жумуш оюнчуктай сезилет. Чарбанын жетекчилигине көрүнүп, жагып да калды кичинекей бала. ДТ-54 казтаман тракторун башкарып айдаса жерде турган адамга башы араң көрүнөөр эле. Бою ошондо 1 метр 38 сантиметрден ашпаптыр!
Бою аскерге барганда өстү 22 сантиметрге! Ыраакы Чыгышта, Уссурийск шаарында, аэродромдо кызмат өтөдү. Бөлүмдүн командири болду, ага сержант деген чинге жетти. Бала кезиндеги кыйынчылыктарга салыштырганда аскер кызматы да жепжеңил сезилди. Убагында тамактанат, убагында уктайт, турат... Тартипке көнгөн, эрежени сактайт, техниканы жакшы билет. Кийими бүтүн. Спорт менен тынбай машыкты. Люся аттуу ашпозчу аял өз баласындай жакшы көрчү. “Тамакты тартынбай ич, сабизден көбүрөөк жегин” деп айтаар эле. Кааласа табагына “добавка” тамак салып берчи. Ошентип 1976-жылы аскерден орто бойлуу жигит болуп кайтып келди. Баягы көз каранды, турмуштан тепки жеген, чүнчүгөн, жүдөгөн, жек көрүмчү, кибиреген бала жок. Токтоо, өз баркын билген, турмушту түшүнгөн зыңкыйган сулууча жоокер келди!
Суусамырда МЖСте тракторчу болуп иштеп жүрөт. Бир курдай болочок жарына жолугат. Анысы өзүнчө романтикалуу окуя. Дүйшөн тракторун оңдоп астында жатса бирөө басып келет.
-Ой, он жетинчи ачкычты алып берчи, - дейт сүйүнүп.
Унчукпайт. Дагы айтат. Унчукпайт. Сөгөйүн деп барып токтойт. Трактордун астынан суурулуп чыкса, суйкайган сулуу, бойго жеткен кыз турат.
-Эмне ачкычты алып бербейсиң?- дейт ачуусу тарай элек Дүйшөн.
-Билбейм да...
-Канчадасың?
-Он жетиде.
-Он жетиге келгиче он жетинчи ачкычты билбейсиңби?- дейт жигит кайра тамашага салып. –Атың ким?
-Арпажан.
Ушунтип таанышат. Баскан-турганы, келишкен келбети көңүлүнө жагат. Кезек-кезек жолугуша баштайт, сырдашат... Ыгы келип бир күнү Дүйшөн өзү жөнүндө ачык сүйлөп турмуш жолун баяндайт... Үйлөнсө барар жери, үй-жайы жок экенин айтып берет.
-Кыз жактырса өзүңдү көздөйт. Дүнүйө, үйгө карабайт. Баш аман болсо баары табылат, - дебеспи Арпажан.
Кыздын эстүүлүгү, сөздү таап сүйлөгөнү жигитке ого бетер жагат... Бир бүтүмгө келет.
Ак эмгеги менен МЖСтин жетекчилигине жагып, көзгө көрүнүп калган. Айтса сөзү да өтүмдүү эле. Көпкө ойлонбостон директору Солтобаев Самарбекке кирет. Үйлөнөрүн айтып жардам сурайт. Директор ошол замат колдоп, макул болот. Акча каражат, жашаганга жаңы үч бөлмөлүү үй берет. Арпажанды алып Сары-Камышка эжесине барып келгенге машине берет! Кайын-журту жансактоого жетерлик төшөнчү, ала-кийиз, шырдак, казан-аягына чейин берет... Жаңы бүлөгө мындан артык эмне керек?! Совхоз той өткөрдү...
Жетим жетилет деген ушул! Киши катарына кошулду Дүйшөнбек, өзүнчө түтүн булатып үйлүү-жайлуу болду! Жанында жаркылдаган жары – ак жоолукчан жалжал көз Арпажаны бар!.. Аттиң, ошол кезде апасы Сайрагүл жанында болсо кана?! Эхх!!! Бири кем дүйнө!..
Улуулардан калган кеп бар эмеспи: “Биринчи байлык - ден соолук, экинчиси - ак жоолук, үчүнчүсү – он соолук” деген. Бирок, Дүйшөкең үчүн баарынан өткөн байлык бул балдары. Арпажан экөө үч уул, бир кыздуу болушат. Балдары да үй-бүлө күтүп, баары үйлүү-жайлуу болуп, өз алдынча жашап келет. Дүйшөкең азыр мен жалгызмын деген сөздү эбак унуткан. Жубайы экөө он алты неберенин чоң ата-чоң апасы! Уулдары Замирбек да, Зайырбек да оокатка тың. Күйөө баласы Алтынбек менен кызы Чолпон да очор-бачар болуп бакубат жашайт. Кенжеси Закирбек Кыргызстанга эле эмес чет өлкөгө чейин белгилүү музыкант, комузчу... Консерваторияда сабак берет.
Иш дегенде ичкен ашын жерге койгон Дүйшөнбектин эмгеги жогору бааланып убагында “Бүткүл Союздук Эмгек каарманы” деген наамга татыктуу болот. 1981-жылы совхоз “Жигули” машинасын тартуулайт! (Союздун убагында менчик машинага жетиш өтө кыйын эле!). 1987-жылы “Эмгек Кызыл Туу” ордени менен сыйланат! Ошентип бала кезинде запкы жеп, бааланбаган Чомо уулу Дүйшөнбек эми белгилүү, Суусамыр эли сыймыктанган инсанга айланат! Анын көпчүлүк билбеген акындык таланты да тоо булагындай оргуштап турат. Кыргыз элине белгилүү ырчылар Айчүрөк Иманалиева, Гүлнур Сатылганова, Динара Акулова сыяктуу эстрада чеберлери Дүйшөкендин сөзүнө жазылган обондуу ырларды аткарып жүрүшөт. Алардын бирин, обонун Рамис Алиев жазган “Сахна” аттуу чыгарманы укпаган кыргыз жок боло керек!.. Андан тышкары 5 китептин автору. Кийинчирээк Чомо уулу Дүйшөнбектин талантына сөзсүз кайрылабыз. Ал өзүнчө тема.
Каарманыбыздын өткөн күндөрүнө дагы көз чаптыралык. Ошол бактылуу күндөрдүн биринде Жараткан дагы бир ирет сынаганы эч эсинен кетпейт. “Бруцеллез” деген жугуштуу балээ оорууга чалдыгат. Билбей жүрө берип өтүшүп кеткенде догдурга кайрылат. Эти ысып, эс-учун жоготот, жөөлүйт, аялын, баласын тааныбай калат... Айлап жатып араң айыгып оорууканадан чыгат. Ал аз келгенсип көп узабай дагы бир илдет жабышат. Түшүнө да кирген, өңүндө да көргөн “илээшкен” Кара кемпир пайда болот. Ал коркутпайт, тескерисинче, жылмаят, бир нерсе айтайын деп өзүнө чакырат. Бирок Дүйшөндүн жүрөгү түшө берет, “апаалап” качат... Кээде түнү бою кармашып чыгат... Медайымдар, догдурлар жоошутуга аракет кылышат, укол салышат, жакшы сөз менен көңүлүн жубатып уктатышат. Айыкпайт, илдети күчөй берет... Бир ирет эптеп дубалга сүйөнүп акырын басып телевизор турган бөлмөгө барат. Эл көп, отурарга орун жок. Караса бери четте Кара кемпир отурат. Аны көргөндө демейде бакырып качып жөнөөр эле, азыр болсо калтырак басып, титиреп туруп берет. Кемпир жылмайып өзүнө чакырып, астына отургузат. Дем сала баштайт. Үнү жанга жагымдуу, кырааттуу, булбулдун үнүндөй мукамдуу, көшүлтөт. “Сүф” дегенде жайлоонун жыпардуу жыты желпигендей көзү ачыла түшөт...
Ушул түнү жыргап, аяк серппей уктайт. Күнүгө үч маал дем салат. Саналуу саатта келет, ченелүү убакыт дем салат. Ашык отурбайт. Колдорунун кыймылын сезип, дубасын угуп эле мемиреп жаткың келет. Бүтөөрү менен кетет. Жети күндөн кийин Дүйшөн өзүн сопсоо сезе баштады. Айыктым деп ооруканадан качып чыгат... Бекер кылыптыр, болбоду. Оорусу күчөп кайра келет. Баягы табышмактуу Кара кемпир дагы жардам берет. “Эмне үчүн башкаларды карабайт, мага гана көңүл бөлөт?” деп ойлойт. Жооп жок. “Жети кара ташты кайнатып, суусун ич. Таштарды ак матага ороп, бой тумар кылып тактырып ал” дейт ал. Эми энеден туума жылаңач наристе көрүнө баштайт. Алгач коркуп, бакырып жүрдү. Эртеси Кара кемпир дем салаары менен дагы көрүндү. “Коркпо, ал сенин колдоочуң” деди. Ошондон кийин жылаңач баладан коркпой калды... Кара кемпир Дүйшөн менен кадимкидей маектешпейт, ички туюм, ою менен көкүрөгү аркылуу үнсүз сүйлөшөт.
Дүйшөкең “Кеселдин да, кырсыктын да көпчүлүгү көпкөндөн болсо керек. Адам өзү жылкы мүнөздүү келет эмеспи” деп айтат дайыма... “Жигули” минип, телегейи тегиз болуп турган кез. Бир курдай достору менен жолугушат, отуруп алигиден ичишет. Түн ортосунан оогон кезде чыгат Чаектен. Капчыгайда келатып рулду кучактаган бойдон уктап кетет. Далай чукул бурулуштардан, шагылдардан, күрпүлдөгөн дарыянын жээгинен, өйдө-ылдый кокту-колоттордон эчтекеге урунбай, аласалбай аман келип, эң ылдыйдагы көпүрөнүн кырына илине токтойт. Ошондо гана көзүн ачат. Караса эле баягы жылаңач бала, маңдайында кабак бүркөп карап туруптур...
Дагы жатып калат Ново-Николаевка ооруканасына. Ак халатчандардын жардамы менен, Кара кемпирдин колдоосу менен акырындап айыга баштайт. Ошол учурда эмчектеги баласын койнуна катып, сойгон козусун, балыгын, кымызын көтөрүнүп тердеп-бурдап алыскы Суусамырдан Арпажан келет. Түлөө бергендей эле болот. Медайымдардын, догдурлардын көңүлүн алат... Дүйшөн да кубаттанат. Жубайынын бул кылганы абдан жагат. “Мага ушундай аялды берген кудайга миң мертебе ыраазымын. Арпажандын кылган кызматына сыймыктанып келем. Эрдин баркына жеткен, күтүп алган түшүнүктүү жар. Ордомдун куту!” – дейт ичинен шыбырап. Туура, кыргыздар аялын ачык мактабайт. Ошондой ырым бар. Көздөн да сактайт... Көз демекчи!.. Ошондо аялы көтөрө барган эмчектеги Заирге бирөөнүн көзү тиет. Дүйшөн автовокзалга аларды узатмака кошо барган. Узун отургучта жаткан баланын абалы начарлап куса баштайт. Ошондо баягы Кара кемпир дагы пайда болот. Балага дем салат, ысырыктайт...
-Кой, мен да барбасам болбойт! – деп Кара кемпир Суусамырга кошо жөнөйт. Жетээри менен улам дем салат, качан бала жакшы болгондо кайра кайтат. Эстүү келин Арпажан жатып кетиңиз десе да болбойт. Жолдугун кылып, башына жоолук салып узатып койот.
-Күйөөңө да мен дем салгамын. Кош! – Кетип баратып бир кайрылып айткан сөзү ушул болуптур... “Аты ким? Кайда жашайт? Эмне деген аял? Жер кесип жүрөбү? Сыркоолорду кантип туят? Кантип пайда болот?..” Атайы узак жол жүрүп келген аялдан ушуларды сурап калбаганына Арпажан кийин өкүнүп жүрдү.
Балким, Кара кемпир да Дүйшөкеңди колдогон сактоочулардан болсо керек!
-Мен сыркоодон сакайып үйгө кайттым. Ошондон тартып мойнумдагы жараткан берген жүккө башымды ийип, табыпчылык дүйнөсүнө, дарыгерликке биротоло баш отум менен кирдим. Эми, мына, минтип ден соолук кудаага шүгүр, жеңилдендим, көп нерсеге жеттим, бактылуумун!.. Балдарымдын атасы болуп калганым да, балдарым менин атымды алып жүрүшү да – менин бул жарык дүйнөдөгү бирден бир таалайым! Бул менин – Улукманга катарлаш болгонум. О, жараткан Эгем, менин оор тагдырымдын бир күнүн да ушу балдарга көрсөтө көрбө! Балдарым өзүмдү тартып “менден ашып түшүүсүн!” миң мертебе жалынып, табынып кудайдан суранып келем. Тилегим кабыл болгусу бардыр ылайым!!! – деди Чомо уулу Дүйшөнбек сөзүн аяктап.
Авазбек Жусупбеков,
газета “Объектив”.
P.S.: Элдик дарыгер, кыл тамырчы, табып Дүйшөнбектин кийинки жашоосу, турмушу тууралуу да жазабыз деген үмүт бар. Анткени, мындай таланттуу, көп кырдуу, өнөрлүү инсандар кыргыз элинде саналуу гана болсо керек. Анын баскан өмүрү башкаларга өрнөк болсун деген тилек менен гезит бетинде жолугушканча коштошо туралык.