Бүгүн, 23-октябрга караган түнү Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын Жинжиген айылында улгайган жубайларды күйөө баласы балта менен чаап, экөө тең оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, жубайларды 33 жаштагы кичүү күйөө баласы чапкан. Ал кайын ата, кайын энесинин үйүндө жашачу. Күйөө бала 3 күн катары менен арак ичип, үйдө кайын ата, кайын энеси менен пикир келишпестик чыккан. Чыр чыккан учурда аларды балтанын арты менен чаап жиберген. Бул окуядан кийин үйдөн чыгып кеткен. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан издөө иштери жүрүп жатат.
Кызыл-Кыя шаардык ооруканасынын маалыматына караганда, ооруканага 1949-жылы туулган К.А. (күйөөсү) менен 1956 жылы туулган А.Т. (аялы) түшкөн. Күйөөсүнүн 2 колунун сөөктөрү жабык түрдө сынып, баш мээси чайкалган. Учурда сыныктар бөлүмүндө жатат. Аялынын баш сөөгү сынган. Абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө жатат. Учурда жубайлар дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууда.
Ал