Кытайдагы 1500дөй кыргыз жашаган Кайыз айылында 300 киши камакка алынганы кабарланууда. "Эркин Азия" радиосу бул тууралуу 13-ноябрда кызылсуулук кыргыздын маалыматына таянуу менен кабарлады.
Ал арада "Твиттерде" Шинжаң-уйгур автоном районунда камалгандардын арасында кытайлык кыргыз окумуштуулары да бар экени тууралуу маалымат тарады. Кытайда туугандары четинен камалып, расмий Бээжин "тарбиялоочу лагерь" деп атаган жайларда отурганын Кыргызстандагы кытайлык кайрылмандар да айтып жүрүшөт. Алар бул жайлар лагерь эмей эле, кармалгандарды кыйнаган түрмө экенин белгилеп жатышат.
Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автоном округунун Актоо ооданындагы Кайыз айылында жашаган 1500дөй кыргыздын 300ү камакка алынганын өткөн аптада "Эркин Азия" радиосу кабарлады. Аталган радио кайыздык кыргыз менен байланышканда ал адамдар негизсиз эле жапырт кармалып жатканын айтып берген. Шинжаңда Кытайдагы кыргыз окумуштуулары да кармалганы айтылууда. 17-ноябрда кыргызстандык активист Эдил Байсалов "интеллигенция өкүлдө