Индияда мусулман жигиттерге саркеч чач үлгүсү менен жүрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу hronika.info сайты кабарлайт. Индиянын Хайдарабад шаарында мусулман жигиттерге “британка” чач үлгүсү менен жүрүүгө тыюу салынды. Бул үлгү боюнча самайдагы чач төбөдөгү чачтан алда канча кыска болуп турат. Аталган эрежени өлкөгө белгилүү дин адиси Мухаммед Хисамуддин маалымдады. Ал батыштын жыты аңкыган мындай чач үлгүлөрү мусулман жаштарына терс таасирин тийгизерин айтты. Бири-бирине ашык болгон кыз-жигит поезд астында калып көз жумду 17 жаштагы кыз 20 жаштагы сүйүктүүсү менен бирге поезд астында калышты. Окуя Өзбекстанда болду. Маркумдардын жакындарынын айтымында, кыздын туугандары анын жигитине турмушка чыгуусуна каршы болушкан. 10-августка караган түнү Кумкишлак айылында жашаган 17 жаштагы Г.К. менен 20 жаштагы Б.К. өзүнө кол салган. Алар жүк ташыган поезддин астына бой ташташкан. Бул окуяны темир жол милициясы ырастады. Учурда прокуратура тергөө ишин жүргүзүүдө. Айыл тургунун айтымында кыздын
Мусулман жигиттерге чачын саркеч кылып кырктырууга тыюу салынды
21 августа 201821 авг 2018
168
2 мин