Дароо келишип алалы, бул кеңеш көбүнчө мырзаларды көп тандап, ар бир иш-аракетине, ал тургай “төшөктөгү оюнуна” да маани бере тургандарга арналган. Ошондуктан, “эмне жазып жатасың, жаштарга берер тарбия...” деген сыяктуу сөздөр менен “атып салбай...”, алгач өзүңүз да окуп алыңыз. Жолугайын деп жаткан, көңүл жараштырганы турган жигитиңиздин төмөнкү беш аракетине кылдат көңүл бурсаңыз, адашпайсыз. Кантип тамак жейт? Тандооңуз бир жигитке түштү дейли. Турмушка чыккыңыз эле келет, бирок анын кандай адам болуп чыгарын билбейсиз. Анда эмесе, анын ар бир аракеттерине кунт коюп, көңүл бурушуңуз керек болот. Мисалы, тамактанууга барганда анын тамакты кантип жейт экенине байкатпай гана көңүл бөлүп туруңуз. Ал кашыкты ар бир оозуна салганда тамшанып, аны жутканча шашылбай чайнап, тамактануудан өзгөчө ырахат алып жатабы? Демек, сиз менен жолуккан сайын “тамшана турган” болот. Башкасын мындай койгондо, төшөк жаатында ал ишине абдан этият болгондордун катарында. Ал эми тамакты шашып ичип, алдына
Эркектин төшөктө кандай экенин билдирген 5 аракети (+21)
21 августа 201821 авг 2018
9416
2 мин