- Цистит – инфекциялык оору. Көтөн чучуктан түшкөн микроб заара чыгаруу жолдоруна зыян келтирип, анын таасиринен цистит пайда болот. Аны өз убагында дарылабаса, аягы оор абалга алып келет. Өтүшкөн цистит кезинде заара чыгарууда кан аралашат. Бул учурда милдеттүү түрдө дарыгерге текшерилип, керектүү дарылоону жасоо керек. Ал эми жаңы гана башталган циститти эл аралык жол менен да дарыласа болот. - Организмге эч зыянсыз жеткиликтүү дарылануунун бир нече жолдорун сунуштайбыз: - 1. 1 аш кашык укроптун уругун 1 стакан кайнаган сууга салып демдейсиз. 3 сааттан кийин даяр болгон тундурманы сүзүп алып, күнүнө 2 жолу 100 миллилитрден ичесиз. - А,В,С жана У витамини менен фосфор, кальций, темир элементтерине бай укроп кайнатмасы денеңиздеги суюктукту чыгарат, ооруну басат, организмдеги бактерины өлтүрөт. - 2. 1 аш кашык майда тууралган петрушка жалбырагына 1 аш кашыктан календула менен чистотел чөбүн аралаштырасыз. Дары чөптөрдү бир стаканга салып, 10 мүнөттөй тундуруңуз. Белгиленген убакыт