Найти в Дзене
Укмуш кабарлар

Чачтагы ийгиликсиз боёкту кетирүүнүн оңой жолдору

- Аялдын көркү чач экени баарына белгилүү. Ага кам көрүү, сулуу болушу аялдын мүнөзүнөн кабар берет дешет. Аны менен катар, жигиттердин биринчи көзү түшкөн жери да – аялдын чачы. - Ошондуктан, аялдар түрдүү “куулукка барып”, чачтарын жасалгалап, боёп келишет. Бирок, кээде боёгон чачыңыз өзүңүзгө жакпай, ийгиликсиз болгон учурлар да кездешет. Аны чечүү жолдорун кантип тапса болот? - Билбейсизби? Анда бизди тыңдаңыз! - Кокос майы. Чачтагы боёкту кетирүү үчүн сизге үч аш кашык кокос майы керек. Аны ысытып кургак чачка сүйкөйсүз. Андан кийин кеминде үч саат майлу чач менен жүрүп, артынан жөнөкөй каалаган шампунь менен жууп саласыз. Натыйжасында чачтагы боёк жакшы кетет. Кокос майынын ордуна зайтун же өсүмдүк майын да колдонго болот, бирок алар кокос майы сыяктуу жакшы таасир этпейт. - Каймак. Үйдөгү каймакты чачыңыздын боёгун кетирүү үчүн пайдалана аласыз. Бирок, майлуулугу жогорку пайыздагысын тандап алыңыз. Аны да кургак чачка сүйкөп, 3 саат күтөсүз. Болгону башыңызга целлофандан жас

- Аялдын көркү чач экени баарына белгилүү. Ага кам көрүү, сулуу болушу аялдын мүнөзүнөн кабар берет дешет. Аны менен катар, жигиттердин биринчи көзү түшкөн жери да – аялдын чачы.

- Ошондуктан, аялдар түрдүү “куулукка барып”, чачтарын жасалгалап, боёп келишет. Бирок, кээде боёгон чачыңыз өзүңүзгө жакпай, ийгиликсиз болгон учурлар да кездешет. Аны чечүү жолдорун кантип тапса болот?

- Билбейсизби? Анда бизди тыңдаңыз!

- Кокос майы. Чачтагы боёкту кетирүү үчүн сизге үч аш кашык кокос майы керек. Аны ысытып кургак чачка сүйкөйсүз. Андан кийин кеминде үч саат майлу чач менен жүрүп, артынан жөнөкөй каалаган шампунь менен жууп саласыз. Натыйжасында чачтагы боёк жакшы кетет. Кокос майынын ордуна зайтун же өсүмдүк майын да колдонго болот, бирок алар кокос майы сыяктуу жакшы таасир этпейт.

- Каймак. Үйдөгү каймакты чачыңыздын боёгун кетирүү үчүн пайдалана аласыз. Бирок, майлуулугу жогорку пайыздагысын тандап алыңыз. Аны да кургак чачка сүйкөп, 3 саат күтөсүз. Болгону башыңызга целлофандан жасалган калпак кийип алыңыз. 3 саат өткөндө шампунь менен жууңуз.