Акылдуу сүрөттөр мүнөзүңүздөгү өзгөчөлүктү аныктоого мүмкүндүк берет. Сүрөткө көңүл буруңуз, бир карагандан эле эмнени байкадыңыз? Көргөнүңүз жаш кыздын башыбы же абышканын сүрөтүбү?
Эгер кыздын башын көрсөңүз:
- Сиз оптимистсиз жана кызуу темпераменттүүсүз.
- Сиздин аракетиңиз маанайыңызга байланыштуу.
- Сиз башка адамдарга жардам бергенден ырахат аласыз.
- Сиз мыкты, эркек мүнөз жансыз.
- Сиз кыйынчылыктарыңызды айланадагылар менен бөлүшүп, пикирлери менен кеңештерин эстесеңиз, күчтөнө түшөсүз.
Эгер абышканын бетин көрсөңүз:
- Сиз сабырдуу, ишенимдүү, чынчыл адамсыз.
- Сиз жаралганыңыздан көчбашысыз жана ар бир ишти баштоого жөндөмдүүлүгүңүз жетет.
- Көздөгөн максатка жетер жолдо акылсыздыкка алдырбай, ар кадамыңызды туура, ары аңдап басасыз.
- Сиз бардык нерсенин кемчиликсиз болгонун каалайсыз жана ошондой болууга умтуласыз.
- Стресске түшүүңүздүн кошумча себеби – мезгил-мезгили менен өзүңүзгө эс алуу берүүгө көнүңүз, бардыгы өз ирети менен болот.
- Кылым аягында Кытайда калктын массалык кырылуу болушу күтүлөт
- 21-кылымдын аягында климаттын өзгөрүүсүнөн улам Кытайдын калкы жыш жайгашкан жана айыл чарба иштери өнүккөн аймагы адам өмүрү үчүн жер бетиндеги эң кооптуу орунга айланышы мүмкүн.
- Массачусетс технологиялык институтунун окумуштуулары ушундай жоромол жасап жатышат.
- Соңку изилдөөлөр дени сак адамдын 35 градус (Цельсий боюнча) болгон жогорку нымдуулук учурунда ачык асман астында алты сааттан кийин өлөрүн көрсөткөн.
- Ал эми талаалары дайыма суугарылып турган Түндүк Кытай өрөөнүндө нымдашуу процесси катуу жүрөт. Мындай нымдуулук жогорку температура менен кошулуп, райондун дыйкандары үчүн абдан кооптуу аймакка айланат.
- Акыркы жарым кылымда Кытайда экстремалдуу ысык толкундар бир кыйла өскөн. 2013-жылы аптаптуу ысык 50 күнгө чейин сакталып,эң жогорку температура 38 градустан ашкан эле. Ошол жылы Шанхай 141 жылда бир катталган температура рекордун орнотуп, ондогон адам каза тапкан.
-
- Аялыңыз төшөктө Кимди жана Эмнени ойлоп жатканын билгиңиз келсе…
- Аял-кантсе да аял. Башкача айтканда, табышмагы көп дегеним го.
- Элүү жыл түтүн булатсаңыз да, аны беш колдой биле албаганыңызга мен кепилдик берем. Ал эми аялыңыздын сиз тууралуу бар-жогун билип алса, эч таң калбайм. Өзү суроо берип алып, күйөөсүнүн эмне деп жооп берерин алдын ала билип турган аялдар бар.
- Аны коё туралы. Биздин козгой турган темабыз да башка.
- Адистердин (башкача айтканда, изилдегендердин) айтымында, аялдардын басымдуу бөлүгү төшөктө болуп жаткан “иш” тууралуу эмес, такыр башканы ойлошот. Мындан улам, аялдын баары эле ар дайым төшөктө берилип, жан дили менен киришип кетпейт экен. Кыскасы, бирде андай, бирде мындай.
- Аны эркектерден жакшы сезген эч ким жок, албетте. Ар кимдин күйөөсү, шериги бар. Туруктуу шериги (биздин угушубузга караганда ал бир гана күйөөсү) бирге болгон аялынын (мыйзамдуу аялы) кайсы түнү кандай маанай менен жакындашканын ар дайым эсинде сактап калат.
- Ушундай учурларда аялыңыздын ою такыр Башкада экенин байкадыңыз беле? Болгону анык... ошондо ал Кимди жана Эмнени ойлоп жатат деп ойлойсуз?
- “Ал эмне кылып жатат болду экен?”, “Ал эмне кылып жатат? Уктадыбы, уктаган жокбу? Азыр келип калса, мен эмне кылам?...”Мына, аялдын ою. Сиздин жаныңызда жатып “башканын” камын ойлоп жатат. Кантмек эле, аны ойлогон аялыңыздан башка ким бар?
- Балалуу аял башка бөлмөдө жаткан кичинекей баласын төшөктө жатса да, эсинен чыгара албайт. Айрыкча, сиз ишке киришердин алдында бала тынчсызданып, тамагын ошол күнү жакшы ичпей, өз убагында уктабай кыйнаса, аялыңыз менен жакындашканда анын көңүлү жайында болот деп ойлобой эле коюңуз. Дене ырахатынан ашып түшкөн эне сүйүүсү бар экенин эч бир эркек унутпаса, “төшөк үчүн уруш” бирөөгө болсо да кемийт эле.
- “Кантип жатам? Көрүп койсо...”Ак шейшептин үстүндө ишенимсиз, тынчсызданып жатканан эле аял өзүнүн денесине ишенбестигин, көңүлү толбойт экенин сезе билген туура. Же балалуу болуп, толгон аялыңыздын сулуулугуна каршы пикир айттыңыз беле?! Андай болсо, анын кучагыңызга эркин кире албасын билишиңиз керек.
- Өзүнүн күйөөсүнөн “толуп кетипсиң” деген сөздү уккан аялдын төшөктө эркин болбошу, сиздин каалаганыңыздай аракет кылбашы – бул нормалдуу көрүнүш.
- Курсагы ач аялдан эмне күтөсүз?Бир канча аялдар төшөк катнашы учурунда тамак тууралуу ойлошот. Таң калбаңыз. Бул табигый көрүнүш.
- Андан да анын эмнеге курсагы ач экенин ойлоп көрүңүз. Мүмкүн ал кечки тамак кезинде балдарын тамактандырам деп өзү тамактанууга мүмкүндүгү болбогон чыгар. Балким, даярдаган тамагы сиз менен балдарга жетсин деп деп жебей койгондур? Ал эми ач адамдын төшөккө көңүлү болобу? Өзүңүз тамактан мурун төшөктүн ишине киришер белеңиз?
- “Боюмда болуп калбасын...”, “Дары ичип алайын, коё турчу”, “абайлачы, дагы боюмда болуп калбасын”...Демек, аялыңыздын азыр бала алып келүүгө каалоосу жок, же ага абалы туура келбейт. Анын себеби ден соолугунун абалы, балдарынын кичинекей болуусу ж.б.
- Мындайдан кооптонгон аялдын да ою ырыкат алууда эмес, ошол төшөктүн ишин бүтүргөндөн кийин, кош бойлуу болуп калбасам экен деген коркунучта болуп, өз денесин эркин коё бербейт.