Англиянын Саутгемптон шаарында жашаган 12 жаштагы окуучу дүйнөдөгү эң узун кыз аталды. Софи Холлинс азыркы күндө ата-энесинен узун, анын бою 1,89 сантиметрге жетет. Кыз 12 жашка толгондо бою үйдө шыбына чейин жетсе, мектепте классташтарынан алда канча узун.
Бул тууралуу Mirror басылмасы кабарлайт.
“Мен ар дайым өзгөчө экенимди билчүмүн. Мектепке биринчи барган кезде да класста эң узуну болдум”, - дейт кыз.
Софи Гиннестин рекорддор китебине киргенине карабай, операция жасагандан кийин боюнун өскөнү токтойт деп үмүттөнөт. Дарыгерлер ага жашоого коркунучтуу диагноз коюшту. 12 жаштагы Софи Марфан синдромуна чалдыккан. Марфан оорусу – тубаса жана тукум куучу оору.
Софинин боюнун узундугу алты жашында 147см, ал эми төрт жылдан кийин – 155 сантиметрге жеткен. Дарыгерлер баланын жыныстык жетилүүсүн тездетүү үчүн тизесине жана гормондоруна операция жасоо аркылуу анын боюнун өсүүсүн токтотууга аракет кылышты.
“Апам менин Марфан синдромуна чалдыкканымды бала кезимде айткан эле. Мен боюмдун узун болгонуна сыймыктанчумун, бирок анын өсүүсүнүн токтошуна сүйүнөм. Боюмдун узундугу 189 сантиметр болгону жакшы албетте, бирок андан ары өскүм келбейт”, - дейт Софи.