Орусиянын Коргоо министрлигинин Качкындарды кабыл алуу, бөлүштүрүү жана жашгаштыруу борборунун күндөлүк маалымат бюллетенинде Сириянын инженердик бөлүгү Хомс провинциясынын дагы эки гектарын минадан тазалашты деп билдирди. “Сириянын инженердик бөлүгү Маждалдагы, Тель-Бисадагы, Насири-Харабесидеги (Хомс провинциясы) жерлерди жана объектилерди минадан арылтуу боюнча иштерди аткарууну улантып келишет. 2 гектар аймак, 20 имарат жана 1 километр жол минадан арылды”, - деп айтылат билдирүүдө. Мындан тышкары, бөлүктөр 49 жарылууга кооптуу заттарды аныкташып, жок кылышты, алардын 12си кол жасалган болуп саналат. Борбордун маалыматы боюнча Хомс провинциясында 210,8 гектар аймак, 685 имарта жана 41,8 километр жол минадан тазаланды. Качкындарды кабыл алуу боюнча борбор билдиргендей, өткөн суткада туруктуу жашаган жайларына 293 сириялык жаран кайтып келген, алардын ичинен Хомс провинциясына – 195 киши (62 аял, 108 бала), Чыгыш Гутага - 98 киши (29 аял, 50 бала). Өткөн сутка үчүн идлиб зонасынан
Сириянын Хомс провинциясында дагы эки гектар жерди минадан тазалашты
21 августа 201821 авг 2018
64
1 мин