1942-жылдын 6-августунда душмандын дзотун өзүнүн денеси менен жаап, 20 жышында баатырларча курман болгон кызыл армиячы Чолпонбай Тулебердиевди эскерүү кечеси Воронеж областында болуп өттү.
Нововоронеж областынын Лиски миниципалдык районун Селявное-2 айылында 6-августта Советтер Союзунун баатыры Чолпонбой Тулебердиевдин эрдик жасаган күнүнүн 76 жылдыгына арналган 13-эл аралык Мекенди кооргоочулардын жана элдердин достугунун күнүн белгилешти деп билдирет Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы элчилигинин маалымат кызматы.
Эске салсак, 1942-жылдын 6-августунда 20 жыштагы кызыл армиянын жоокери Чолпонбай Түлөбөрдиев душмандын пулеметунун атуусун бир нече секундага токтотуп, душмандардын дзотунун амбразурасын денеси менен жапкан. Ушул бир аз убакыт жоокердин жодоторуна пулеметтук эсепти жок кылууга жана андан ары стратегиялык плацдармды басып алууга жеткен. Батальондун командири ага лейтенант Даниелян жана саясий жетекчиси Коблев тарабынан көрсөтүлгөн Советтер Союузунун Баатыры наамынага сунуштама 1942-жылдын 10-августта кол коюлган. 1942-жылдын 18-августунда батальондун комиссары Виктор Асланович Мурадян “Аскердик айгай” фронттук гезитине баатырдын эрдигин кеңири жазып чыгат. 1952-жылы Виктор Асланович Мурадян Чолпонбай Түлөбөрдиев жөнүндө повестин жарыялаган.
Иш-чара Лиски муниципалдык районун администрациясы, Нововоронеж АЭСинин администрациясы, Воронеж областындагы кыргыздардын “Мурас” регионалдык коомдук уюму, АЭС уюмунун профсоюзу, Лиски жана Нововоронеж шаарларынын ардгерлеринин кеңеши, издөөчң жаштардын патриоттук бирикмелери тарабынан уюштурулган.
Салтанатка Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Талас областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.Мураталиев баштаган КР Талас областынын делегация, КР Орусиядагы элчилигинин биринчи катчысы А.Акунов.ю Воронеж областындагы КР ардактуу консулу Т.Намазбеков, “Мурас” регионалдык коомдук уюмунун мңчөлөрү, ошондой эле Воронеж областындагы жана Ростов, Курск, Белгород, Тамбов, Москва шаарларындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.
Салтанаттын алкагында М.Мураталиев, А.Акунов, Т.Намазбеков, ошондой эле Воронеж областынын Лиски муниципалдык районунун башчысынын биринчи орун басары Ю.Образцов, Воронеж областынын ветерандар кеңешинин президиумунун мүчөсү В.Шумлянская, ошондой эле башка коомдук уюмдардын өкүлдөрү чыгып сүйлөгөн митинг болду. Маданий, спорттук жана аскердик-ритуалдык иш-чаралар өткөрүлдү.
Кыргызстандын делегациясы Чолпонбай Түлөберлиев көмүлгөн жерге гүл коюп, Селявное-2 айылындагы анын музейине барып, куран окушту.
Бардык өткөрүлгөн иш-чаралар, кыргыз-орус достугунун жогорку деңгээлдеги чагылдырылышы Лиски районунун көп сандаган жергиликтүү жашоочулары жана коноктору, Воронеж областындагы түрдүү диаспораларынын өкүлдөрү тарабынан жылуу кабыл алынды.