Туркия өзүнүн ири соода өнөктөштөрү менен улуттук валютада эсеп жүргүзүүгө өтүүгө даярданып жатат, деп билдирди өлкөнүн президенти Тайип Эрдоган.
Түрк лидеринин мындай билдирүүсү Анкара менен Вашингтондун мамилелеринин каатчылыгынын фонунда айтылды. Жакында эле АКШнын президенти Дональд Трамп Түркиядан киргизилген болотко жана алюминийге болгон пошлинаны жогорулаткандыгы жөнүндө жарыялаган, бул түрк лирасынын дагы бир жок тарыхый минимумга чейин төмөндөшүн пайда кылган.
Түркия улуттук валюта менен соода жүргүзө турган мамлекеттер деп Эрдоган Орусияны, Кытайды, Украинаны жана Иранды атады.
“Эгер Европа өлкөлөрү доллардын кооптуулугунан кутулууну каалышса, Анкара алар менен дагы ушундай эле эсептешүүгө өтүүгө даяр”, - деп билдирди президент, анын сөздөрүн цитата катары Anadolu агенттиги келтирди.
Ошондой эле, Эрдоган Түркия экономикалык согуш жарыяланган дүйнөдөгү дүйнөлүк тартипти кабыл албайт экенин, ал эми өлкөлөр санкция киргизүү коркунучу менен басым жасап жатканын билдирди. Мындан тышкары, мамлекет башчысы Анкарага карата ийгиликсиз душмандык саясатты белгиледи. Эрдогандын сөзү боюнча, Түркияга карата ар бир аракеттин артынан жооп катары чаралар колдонулат.
“Түркияны өзүнүн экономикалык максаттарынан баш тартууга, терроризм менен күрөшүүдөн кайра тартууга күчтөп көндүрө албайт. Бул тууралуу ачык билдирем. Түркия Сирия жана Ирак боюнча өзүнүн саясатын өзгөртпөйт”, - деп кошумчалады мамлекет башчысы.