Жакында Саратовдо өткөн Орусия менен Казакстанга чектеш региондордун диаспораларынын өнөктөштүк дараметин карап чыгууга арналган эксперттик отурумдун күн тартибинде талкуу жараткан маселелердин бири казак тилинин латын графикасына өтүү процесси болду.
Бул процесс Казакстанга реалдуу саясий жана социалдык-маданий дивиденд бере алабы? Орусиянын демилгеси кандай кабыл алынат жана анын терс натыйжалары кандай?
Ушул суроолорго тарых илимдеринин кандидаты, Орусиянын Н.Г.Чернышевский атындагы Саратов мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер жана сырткы саясат кафедрасынын профессору Виталий Цыплин жооп берди.
- Виталий Геннадьевич, Казакстандын жетекчилигинин мамлекеттик тилди латын арибине өткөрүү жөнүндө демилгеси Орусияда саясий деңгээлде дээрлик байкалбаган бойдон калды. Бул боюнча кандайдыр бир расмий баа да айтылган жок. Мындан бул процесс Орусия менен Казакстандын эки тараптуу байланыштарын өнүктүрүүгө эч кандай таасир этпейт деп айтууга айтууга болобу?
- Сиз туура айтасыз, Нурсултан Назарбаевдин казак жазуусун латын арибине өткөрүү планын талкуулаган узакка созулган эпопеяга чекит койгон жарлыгы Орусияда расмий деңгээлде өзгөчө талкууну пайда кылган жок.
Москвада бул теманы абстракттуу, реалдуу саясатка тиешеси жоктой кабыл алышат, мамлекеттердин лидерлери пикир айтуудан алыс болууда. Ошол эле убакта Казакстандын жетекчилигинин чечими көптөгөн мамлекеттердин медиа тармагында кеңири резонанска ээ болду. Өзгөчө буга Украинанын ЖМКлары катуу көңүл бурду, дээрлик баары бир добуштан бул окуяны “Орус дүйнөсүнүн кыйрашы” катары баалашты.
Орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттарында мындай кылдат жана талкуу жараткан маселе боюнча бирдей пикир жок, бирок маалыматтарда бир нече жолу тема боюнча батыштын “жакшылык каалоочулары” тарабынан айтылган демилге деген ойлор айтылып жүрөт.
- Сиз өзүңүз ушундай позицияны колдойсузбу?
- Бул идея сырттан демилгеленди деп айтпайт элем, бирок мунун “симптомун” мурунку советтик мамлекеттердин бир катарынын мисалында караса болот. Белгилүү болгондой, өзүнүн алфавитин латындаштыруу тажрыйбасына Азербайжан, Түркмөнстан жана Өзбекстан ээ.
Бул мамлекеттерде Казакстандагы сыяктуу процесстин максатка ылайыктуулугу бир топ абстракттуу жана күмөндүү болгон. Менимче, эгер латын арибине өтүшсө, дүйнөнүн алдыңкы батыш өлкөлөрү менен интеграциялашууну камсыз кылат деп ойлошкон. Бул тажрыйба канчалык ийгиликтүү болду.
Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун каалоосу Европа сыяктуу образ менен жакындашуу болгон, бул өлкөдө калктын билиминин деңгээли түшүп кетүүсүнө алып келди.
Республикада 70 жыл аралыгында топтолгон адабий мурасты латын арибине которуу олутуу көйгөй жараткан. Мындай тышкары, жаңы жазууга өтүү өзбек коомунун муундарын бөлп койду.
Жыйынтыгнда, Өзбекстанга латын ариби киргизилгенден баштып 20 жыл өттү, бирок ушул күнгө чейин өзбек тилинин кирилл негизи сакталып келет. Мисалы, мамлекеттик түзүмдөрдүн сайттары төрт транскрипцияда сунушталган: орус, англис, кирилл ариби менен өзбек жана латын араби менен өзбек тилинде. Кирилл арибинде басылма булактардын жана көркөм адабияттын 70% чыгат.
Азербайжандын тажрыйбасы кыйла оң деп эсептелет, бирок мында деле скептиктер терс натыйжаларды айтышат: жаңы ариптерге көнүү кыйла татаал процесс, окууга кыйла көп уаыт коротууга туура келет. Жыйынтыгында адамдар окууга болгон кызыгуусун жоготуп, такыр окубай калышты. Түркмөнстандык жабыктыгынан улам латындаштыруу бул өлкөгө эмне бергенин айтуу кыйын.
Бирок, бул жакта лигвистикалык реформа Межилистин чечими менен 1993-жылы эле процесс үч жы аралыгында аягына чыгыш керек деген чечими менен мыйзамдаштырылган. Бирок, Түркмөнстандын акыркы расмий актылары латын графикасына 2000-жылы гана которулган.
Ошол эле учурда, 90-жылдарда түркмөн тилинин латын графикасы эки жолу өзгөртүүлөргө дуушар болду, бул албетте, билим берүүнүнү сапатына жана калктын сабаттуулугуна таасир эткен. 2000-жылдардын башына карата республикада билим берүү башаламандыгы пайда болгон: отоңкы звенодогу китептерди латын тилинде окуп бүткөн окуучулар жогорку класстагы окуу куралдарынын жоктугунан кайрадан кирилл ариптерин үйрөнүүгө аргасыз болушкан. Муну менен эски китепди окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууну көздөшкөн. Түркмөнстандын эл аралык коомчулукка кошулуу картинасынын актуалдуулугун бүгүнкү күндө Интернет тармагындагы түркмөн сегментин талдоонун жыйынтыктары көрсөтөт.
“tm” түркмөн доменунун зонасындагы миллиондогон веб-ресурстардын ичинен кыйла көп кирип көргөндөрдүн саны 17. Салыштыруу үчүн: тажик зонасында алар 58, кыргызда – 104, өзбекте – 264, казакта – 1068, орустарда – 45000.
Мында бул “tm” зона глоаблдуу тармактын кичинекей эле сегментин ээлейт. Республикада интернет колдонгондор аз эмес – 800 миң кишинин тегерегинде, бул калктын 15%ын түзөт. Кызыктуусу, глобалдуу тармактын ресурстарынын ичинен Түркмөнстандын жарандары кирип окуган сайттардын жарымы эле орус тилдүү сайттар түзөт.
- Башкача айтканда, маданий жана илимий айдыңга жазууна латын арибине өткөрүүдөгү интгерация процессинин ийгилигинен көз кранды эмес?
- Түз дагы, кыйыр дагы эмес. Ал жөн гана жок. Бул кандайдыр бир зыяндуу логика! Анткени, жазуунун жеке жана татаал системасынын болшуу Батыштын илим жана техниканы өнүктүрүүдө феноменалдуу ийгиликти көрсөткөн Жапония жана Түштүк Корея сыяктуу жакын союздаштарына тоскоол болбон жок да.
Аны менен катар, Евробиримдикте дагы деле мурункудай кирилл ариби менен колдонгон өлкө бар: мисалы, Болгария. ЕБга кирүүгө аракет кылып жаткан Сербия менен Македония деле кирилл ариптеринен баш тартууну каалабайт. Евробиримдикке эчак эле кирген Греция өзүнүн жазуусун сактап, сыймыктанат.
Мурунку советтик республика Грузия НАТО менен ЕБнын эшигин каккылып жатканына карабай, өзүнүн жеке уникалдуу алфавитинен баш тартуу ниетинде жок. Грузидагы бир дагы батыштын сөзүн сүйлөгөн саясатчынын башына Батыш менен интеграциялашуу үчүн байыркы жазуудан баш тартуу деген ой келбейт.
Жогоруда аталган мисалдардын негизинде мындай жыйынтык келет: модернизация жана башка өнүккөн өлкөлөр менен жакындашуу үчүн алфавитти алмаштыруу шарт эмес. Анын үстүнө бул процесс кыйла жагымсыз терс натыйжаларды өзү менен алып жүрөт.
Филологдордун пикиринде, түрк тилдеринин фонетикасы үчүн латын арибинин 26 тамгасынын ордуна кирилл арибинин 33 тамгасын колдонуу оңой. Латын ариби роман тилдерине, бир өлчөмдө герман тобундагы тилдерге ыңгайлуу. Бирок, түрк тилдери жөнүндө айтпаганда деле, Чыгыш Европанын словян тилдеринде да аны колдонуу кыйла маселени жаратат.
Түрк тилдерине латын арибинин идеалдуу шайкеш келбестигине ишинүү үчүн түркмөн же азербайжан алфавитиндеги диакритикалык белгилерге (чекит жана илмектерге) толгон жаңы варинатын кароо эле жетиштүү.
Казакстанда алфавитти алмаштыруу оңой болот деп ойлобойм. Анткени, 1940-жылдан берки жана азыркы учурда “казак кириллицасында” жазылган чоң маалыматтык жыйнак керектен чыгып калат. Бул өлкөнүн интеллектуалдык чөйрөсүнө таасирин тийгизет.
- Казак алфавитин латындаштыруу демилгесин көтөрүү Казакстандын жетекчилигинин бул өзгөрүүлөр орус тилдүү жарандардын укугуна жана орус тилинин статусуна тийбейт деген билдирүүсүнө көңүл бурдурат. Сиз мындай сөздөргө макулсузбу?
- Мындай сөздөрү негизи эле саясий жактан туура эмес деп эсептейм. Анткени, өзүндө өлкөдөгү казак тилдүү жана орус тилдүү жарандар укуктары жатан бирдей эмес дегенди түшүндүрүп калат.
Мындай билдирүүгө кыйла прагматикалык бааны КМШ өлкөлөрүнүн институтунун директорунун орун басары Владимир Евсеев билдирди. Лингвистикалык инновацияларды ишке ашыруу бардык жарандардын салыгынан жүргүзүлөт, бул орус тилдүү калкка да тиешелүү деп белгиледи.
Дагы бюир талаш учур бар – латын арибине өтүүнүн тобокелчилиги Казакстандагы казактар менен республиканын чегинен тышкары жашаган казактардын мамилелеринин форматында бөлүп туруучу фактор болуп калат. Бир эле Орусияда казак диаспорасы миллион адам бар деп эсепттейт, анын өкүлдөрүнө жаңы лингвистикалык реалийлерге көнүү мүмкүнчүлүгү Казакстандагы жарандарга караганда кыйла чектелүү жана аз болот. Ошондуктан, идеяны ишке ашырууга киришерден мурун мындай талаш жараткан маселе боюнча референдум өткөрүү керек эле.
- Резюме катары, сиздин көз крашыңызда, казак жазуусун латын арибине өткөрүү демилгеси республиканын сырткы саясий багытынын алмашканы деп баалоого болобу?
- Мен азыркы учурда бул үчүн негз жок деп эсептейм. Ошондой эле, бул кадам Казакстанга көз крандысыздыкты дагы кошуп берет дегенге негиз жок. Республика бир катар фактордордон улам Москва, Пекин жана Вашингтондун ортосунда калып келет. Мындай ар дайым болуп келген жана боло берет. Лингвистикалык инновациянын натыйжалуулугун так өлчөө жана баалоо узак мөөнөттүү келечекте гана мүмкүн болот.