Ар адамдын жашоодо өз максаты, өз кесиби бар. Ошентсе да, турмуш сүйүктүү ишиң менен гана алектенип, нансыз олтурганга көнбөйт. Көп адамдардын ичинен сүйүктүү иши менен алектенип жүргөндөрдү таануу кыйын эмес, оңой да эмес. Анда эмесе, бирге аныктап көрөлү.
Эгер сиз өзүңүз сүйгөн иштин менен алектенип жүргөн болсоңуз... Сиз бул ишиңиз менен каалаган орунда, каалаган учурда, ар кандай маанайда алектене аласыз;
Сизге иштин жүрүшү анча кыйын болбойт жана ишиңизди аткарууга көп убакыт коротпойсуз;
Эч кимдин ашыкча сөзү таасир этпейт;
Сиздин ишиңизге кызыккан адамдарга бекер кеңеш берип, тажрыйбаңыз менен бөлүшөсүз. Анткени, сиз өзүңүз муну оңой үйрөнгөнсүз. Сизге элге үйрөтүү да оңой;
“Баарын менден үйрөнүп алып, менден мыкты болуп кетет” деген бөтөн ой Сиздин тынчыңызды албайт;
Өз кесибиңизге байланыштуу ар бир жумуш сизге күч берет;
Сиз жаңылык ачууга, саякат жасоого жана изилдөө жүргүзүүгө кумарсыз;
Сиздин эс алууңуз – жумушуңуз, жумушуңуз – эс алууңуз;
Сиз үчүн маяна биринчи орунда эмес;
Сүйүктүү ишиңиз үчүн акча төлөп жаткан өкмөткө күлө карайсыз;
Эгер сиздин жумушуңуз көп болсо да, аны тез эле бүтүрө аласыз;
Сүйүктүү ишиңиз менен алектенип жүрүп ийгиликке жетесиз, мактангыңыз келип турат;
Бул жумуш үчүн эч кимге милдет кылбайсыз;
Бир гана маяна үчүн иштеп жүргөндөргө бооруңуз ооруйт.