Азыр кыздардын тырмактарын дайыма боёп жүрүүсү адатка айланган. Ал тырмакты сына турган, алсыз кылары баарына белгилүү. Айрыкча, азыр бийкечтер көп жасатышкан гель боёк тырмакка абдан зыян. Ал эми тырмакты кантип кайра бекемдөөгө болот? Йод, туздуу суу, лимон кычкылы... өтө жөнөкөй. Ал эми азыр бул ыкмалардан башка дагы абдан пайдалуу үч жолду сунуштайбыз. Зайтун менен кастор майы Тырмакты бекемдеп, бетиндеги жалтыраган түсүн калыбына келтирүү үчүн зайтун менен кастор майы жакшы жардам берет. Экөөн бирдей көлөмдө аралаштырып, тырмагыңызды бир нече убакытка салып олтуруңуз. Зайтун майынын курамындагы витаминдер тырмакты азыктандырса, кастор майы бекемдеп, өсүүсүн тездетет. Ромашка менен сулуу порошогу Тырмакты дарылоо үчүн ромашка гүлү менен сулуу порошогунун да пайдасы зор. Аларды да бирдей өлчөмдө алып, ысык сууга салыңыз. Суунун жылыганын күтүп, даяр кошулмага тырмактарыңызды буулаңыз. Бир аз убакыт суусуна салып олтурууга да болот. Натыйжада тырмактарыңыз жакшы жагына өзгөрөт.