Голландык адистерге лабороторияда өндүрүлгөн этти өндүрүшкө чыгаруу үчүн каражат которулду.
Чет элдик адистердин иши үчүн 10 млн доллар берилди. Эми алар гамбургер жасоо үчүн жасалма уй этин чыгарышат. Эт 2021-жылдан баштап сатыкка чыгышы мүмкүн. Этти биринчи мейманканаларга өткөрөт.
Жасалма этти жасоонун ыкмасы оңой. Уйдун булчуң ткандарынан сөңгөк клеткаларын чогултуу аркылуу жасалат. Ошондон кийин калыбына келтирүү жөндөмдүүлүгү бар клеткалар азыктандыруучу заттар менен эритиндиге эгилет. Алгач мындай этти космонавттар үчүн жасаган. Кийинчерээк суроо-талаптар түшө баштаган.
Адистердин айтымында, мындай этти келечекте адамдар өзгөчө деп кабыл албай калат. Лабороторияда уй этинен бөлөк тоок этине окшош эт өндүрүлдү. Жасалма эт өндүрүшкө чыгуу үчүн атайын сертификациядан өтөт.