Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
Укмуш кабарлар

Индия жараны алимент төлөө үчүн мурунку аялына 70 кило тыйын алып барды

Индиянын Шандигар шаарында жашаган аял алиментти тыйын менен төлөгөн мурунку күйөөсүн сотко берди. Капчыгы калың юрист аялы менен 2014-жылы ажырашып кеткен. Сот чечими менен ал аялына ай сайын 25 миң рупий, башкача айтканда 24 800 сомго жакын алимент төлөөгө милдеттендирилген. Бирок, күйөөсү сот чечимин четке кагып жүрө бергендиктен, анын иши кийинки сот отурумуна жылып турган. Акырында ал жеңилгенин мойнуна алып, төлөөгө тийиш акчаны алып келет. Ошентсе да, ал канча бай болгону менен, мурунку жубайына 70 кило тыйын алып барып, эсептешкен. Ал эми аялы мурунку күйөөсү аны атайын шылдың кылып, кыйнагысы келерин айтат. Бирок, күйөөсү бул жерден мыйзам бузууну көргөн жокмун, деп жооп берген. Анын сөзүндө, эч бир жерде алиментти кантип төлөө керек экени көрсөтүлгөн эмес, ошондуктан ал карызын өз орду менен төлөгөн.

Индиянын Шандигар шаарында жашаган аял алиментти тыйын менен төлөгөн мурунку күйөөсүн сотко берди.

Капчыгы калың юрист аялы менен 2014-жылы ажырашып кеткен. Сот чечими менен ал аялына ай сайын 25 миң рупий, башкача айтканда 24 800 сомго жакын алимент төлөөгө милдеттендирилген.

Бирок, күйөөсү сот чечимин четке кагып жүрө бергендиктен, анын иши кийинки сот отурумуна жылып турган. Акырында ал жеңилгенин мойнуна алып, төлөөгө тийиш акчаны алып келет.

Ошентсе да, ал канча бай болгону менен, мурунку жубайына 70 кило тыйын алып барып, эсептешкен. Ал эми аялы мурунку күйөөсү аны атайын шылдың кылып, кыйнагысы келерин айтат. Бирок, күйөөсү бул жерден мыйзам бузууну көргөн жокмун, деп жооп берген. Анын сөзүндө, эч бир жерде алиментти кантип төлөө керек экени көрсөтүлгөн эмес, ошондуктан ал карызын өз орду менен төлөгөн.