Жапонияда The Wakino жарнама агенттигинин кызматкерлери жарнаманы адамдын колтугуна жазып коюуну сунуштады.
Компаниянын расмий сайтында колтугуна жарнама баннери жармаштырылган кыздардын сүрөттөрүн жарыяланды. Фотомоделдердин денесинен көркөм өнөр мектеби, детективдик агенттик жана жумуш издөөгө арналган сайттын жарнамаларын көрүүгө болот.
Басылманын маалыматында, жарнамалык агенттиктин мындай кызматын сулуулук салондору да колдонуп жетишкен. Алардын берген жарнамасында түктөрдү оорутпай жулуу тууралуу жазылган.
Азыркы учурда жарнама агенттиги келечектеги жарнама долбоорлорун ишке ашыруу үчүн моделдерди чогултуп жатат. Жарнама долбооруна бир гана кыздар эмес, эркектер да чакырулууда.
Мындан тышкары, компания колтуктардын сулуулук сынагын өткөрүүнү да пландап жатат.