Окумуштуулар пластиктен адам организмине түрдүү зыяндуу заттар кирип, анын таасиринен курсактагы уул балдардын жыныс мүчөсүнүн өсүшүнө терс таасир этерин айтып, коңгуроо кагышты. Пластиктеги бисфенол А, фталаттар, парабендер менен атразин эркектердин жыныс мүчөсүнө зыян келтирет деп Мельбурн университетинин окумуштуулары айтышты. Тагыраак айтканда, пластик эркектин жыныс мүчөсүн кичирейтип, гипоспадия сыяктуу дартка дуушар кылат. Изилдөөчүлөр пластик идиштен тамак ичүүгө берилбөө керектигин эскертишти.
Окумуштуулар: пластик эркектердин уяттуу жерин кичирейтип салат
30 июля 201830 июл 2018
503
~1 мин