Кыздын сүрөтү менен фотограф Моуф Бамаива өз аккаунтында бөлүштү. Instagram колдонуучулар менен британиялык ЖМК беш жашар нигериялык кызды “дүйнөдөгү эң сулуу кыз” деп атады. Кыздын сулуулугу тууралуу The Mirror басылмасы да жазды. Фотограф Мофе Бамаива өз аккаунтында Джейр аттуу кыздын сүрөттөрү менен бөлүшкөн. “Ал адам! Бирок, мындан тышкары, ал периште”, - деп жазган ал сүрөттүн астына. Фотограф Джейрдин камерадан эч коркпой, сүрөткө эркин түшкөнүн айтат. Бамаива ошондой эле, бул кыздын эки ай чырайлуу эжеси бар экенин жазган. Ошол себептен, ал кыздардын энесин балдарына Instagram ачууга чакырган. Бир нече күндүн ичинде сүрөттөр миңдеген лайк топтогон. Ал эми окурмандар кыздан абдан сулуу экенин жазышкан. Ошентсе да, фотографты фоторедактор пайдаланды жана кызга жасалма чач кийгизди деп күнөөлөгөндөр да табылган. Билгилей кетсек, 2017-жылы британиялык ЖМКнын пикиринде, “дүйнөдөгү эң сулуу кыз” статусун орусиялык Анастасия Князева ээлеген эле. Азыр алты жашар кыз орусиялык агент