Блогер Азиза Мурзашова адам менен адамдын ортосундагы мамиле улутуна, динине, акчага карабай тутанышы мүмкүн экендиги жана бул маселе биздин учурдагы куру намысчыл, ач кыйкырык салган “патриотторду” түйшөлтпөшү жөнүндө өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Мурзашованын пикиринде, бөлөк улуттагы жарандарга турмушка чыгуу акмакчылык эмес, ал эми бөлөк улуттагы кызга үйлөнүү баатырдык эмес. Бул болгону – сүйүү, аларды күнөөлөп, сын тагуунун кереги жок. Сиздерге блогердин пикирин толугу менен сунуштайбыз. Биздин өлкөдө жогоруда аталган көрүнүшкө болгон сандырак, маанисиз пикирлерди байкап келем. Эгер кыргыз кызы кыргыз эмес жигитти жактырып калса, анда ал ким? Туура, ал мекенчил эмес, ал сатылып кеткен акмак, ал жеткен макулук, ал мамлекеттик чыккынчы, ал... (бул тизмени уланта берсеңиз болот). Бул боюнча биздин күйдүргү патриоттор мындай дешет: “Эмне кыргыздар калбай калыптырбы?”, “Ой, татыктуу кыргыздар өтө көп, а ал болсо сасыган чет өлкөлүккө күйөөгө чыкты”, “Канти
Азиза Мурзашова: Кыргыз кыздары жана чет элдик жигиттер – күйдүргү патриоттордун көйгөйү болуш керекпи?
16 июля 201816 июл 2018
103
2 мин