Найти тему
Укмуш кабарлар

Кытай бийлиги мусулмандарды аңдуунун жаңы ыкмасын ойлоп тапты

Кытай бийлиги этникалык жана диний азчылыкты түзгөн улуттар мекендеген беш мамлекеттик провинцияда кептерге окшоштуруп жасаган дронду учурууну пландап жатат.

Алар бул аракети менен аталган провинциялардагы жарандарды шек туудурбай көзөмөлдөшмөкчү. Дрондор мусулмандар топтолгон жерлерге үйүрү менен учурулушу мүмкүн.

Көгүчкөн сымал дронду Сиандагы түндүк-батыш саясый университетинин адистери жасашкан.

Ал башка дрондорго караганда бир гана формасы кушка окшойт, ошондой эле куш сыяктуу абада каалгып учуп, канат кагып өзгөчөлөнөт.

Мындан тышкары, башка дрондорго караганда, үндү аз бөлөт. Тыңчылык камера түзмөгү, GPS-датчиги жана спутниктик байланыш менен жабдылган.

Бул дрондор эки миңден ашык сынактан ийгиликтүү өткөн.