Ар кандай себептерден улам пайда болгон варикоздон кутулуу ар бир айымдын кыялы болсо керек. Анткени, буттагы чыккан тамыр бутуңуздун сулуулугуна сын келтирсе, экинчи жагынан оорутат. Чыгып кеткен тамырды хирургиялык жол менен алдырууга шашпаңыз. Аны үйдө дарылап, айыктырууга болот. Ал үчүн төмөндөгү кеңештерди иш жүзүндө жасап көрүңүз. * Ар бир дарыкананын текчесинен табылган алма уксусун 1-2 тамчы 1 стакан жылуу сууга аралаштырып, эрте менен ач карын ичесиз. Бул сиздин организмиңизди А, В жана С витаминдери менен камсыз кылат, кан тамырлардын соолугун жакшыртат, ары териңизди жазат. * Үйүңүздөгү каланхоэ гүлү да сиздин дартыңызга даба болот. Ал үчүн гүл менен спиртти бирдей көлөмдө алып, аралаштырыңыз. Даяр болгон тундурма менен чыгып калган тамырды сүртүңүз. Дарылоону бир ай бою жүргүзөсүз. * Көк помидордун да дарылык касиети мол. Ал үчүн помидорду эзип, тамырга сүйкөйсүз. Сыртынан кагаз коюп, жука кездеме менен ороп коюңуз. Болжол менен 30-40 мүнөттөн кийин компрессти аласыз.