"Өзбекконцерт" мамлекеттик мекемеси үйлөнүү той, маараке жана башка да майрамдарда жылдыздар алган акчанын өлчөмүн бекитти. Гонорардын баасы 700 миң сумдан (90 доллар чамасында) 1,5 миллион сумга (190 доллар) чейинки сумманы түзүүгө тийиш.
"Өзбекконцерт" мамлекеттик мекемеси атап өткөндөй, тарифти белгилеген учурда элдин мүмкүнчүлүгү эске алынган. Ырчылардын тизмеси кеңейтилип турат.
Азырынча жаңычылдык бир гана Ташкентте киргизилген, бирок бир айдын ичинде Өзбекстандын бардык шаары менен регионунда ырчылардын тизмеси менен алардын кызматынын баасы белгилүү болот.
Буга чейин коңшу өлкөнүн депутаттары улуттук салттарды, региондордун өзгөчөлүгүн эске алып, аш-тойлорго тыюу салбоону чечкенин билдирген эле.