Ар адамдын табитине ылайык жактырган түсү болот. Ал эми сиздин жактырган түсүңүз сиз жөнүндө көп сырды айтып берет. Эмесе ар бир түстүн купуя сыры менен таанышып алыңыздар. Ак түс – тазалыктын символу. Бул түс адам энергиясынын тазалануусуна өз таасирин тийгизет. Ак түстү тандагандар адатта жыйнактуу, адал ниеттүү адамдар болушат. Көп учурда алар талап коё билишет. Эгер өзүңүздү мээримдүү, таза адам кылып көрсөткүңүз келсе, ар дайым ак түстү кийинип жүрүүгө аракет кылыңыз. Кызыл түс – жашоонун энергия берүүчү түсү. Адамдын жашоого болгон умтулуусун күчөтөт, адам организминдеги кан айлануу системасын жакшыртат. Бул түстү тандаган адамдар күчтүү, өткүр болушат. Кээ бир учурда кек алышы да мүмкүн. Адатта бул түс ачык мүнөздүү адамдарга туура келет. Саргыч түс – эркиндикти сүйгөн түс. Адамдардын байкалбаган жөндөмдүүгүн арттырат. Депрессия, коркунуч бийлеп жүргөн адамдардын маанайын жубатат. Саргыч түс кийген адамдар көз каранды болушат. Ар дайым таанымал болууга умтулушат. Бул түстү