Эркек менен аялдын денесинде гана эмес, психологиясында да айырмачылыктар бар. Психолог адистердин ишениминде, махабат жаатында эркектер менен аялдардын түшүнүгү шайкеш келе бербейт. Жөнөкөй мисал, кыздар турмушка чыгарда көп жигиттин арасынан убактысы менен көңүлүн өзүнө көп бөлгөнүн тандаса, ал эми жигиттер тескерисинче... Психологдор бул жаатта көп нерсе кызга байланыштуу экенин айтышып, “келин болуп үйгө кирүү” үчүн кыз махабаттын 5 сыноосунан чалынбай өтүү керек дешет. Ал кандай сыноолор? Сыноодон чалынбоо үчүн кыз эмнени билүүгө тийиш? Биринчи баскыч “Кийимине карап тосуп алат...”, “Адам көркү – чүпүрөк”. Сулуу болуңуз, саркеч болуңуз. Менимче, биринчи сыноо баскычынан бардык кыз өтөт, анткени кыздын баары сулуу. Ошондуктан, кийимиңиз да, адатыңыз менен сөзүңүз да дене-мүчөңүзгө ылайык болсун. Мисалы, кара тору болсоңуз, чачыңызды, тырмагыңызды ачык түскө боёбой эле койгонуңуз туура. Ачык, кыска кийип, эркек аттуулардын көңүлүн өзүмө бурам деп кыска ойлобоңуз. Өтө кыска кийим ме