Азыркы учурда футбол сүйүүчүлөрдүн эки эмес, төрт көзү Бразилия өлкөсүндө. Буга байланыштуу сиздерге Бразилия эли менен мамлекети тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.
- Бразилиянын ар бир адамга бөлгөндөгү жылдык кирешеси 11 миң долларга барабар.
- Өлкөнүн жалпы аянты 3 миллион 875 миң 926 чарчы чакырымды камтыйт. Буга 2,5 Индия мамлекети батып кетет (1 миллион 269 миң 350 чарчы чакырым).
- Бразилиялык балдар партада орточо эсеп менен 7 жыл убакыт өткөрөт.
- Бразилия косметиканы колдонуу боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат. Адистер элдин косметикага жылына 43 миллиард доллар каржы короторун эсептешкен. Азыркы күндө жеке гигиена, парфюмерия, косметика сыяктуу керектүү каражаттарды чыгарган 1367 компания иштейт.
- Бразилия өлкөсүндө бүткүл дүйнө жүзүндөгү апельсиндин 50 пайызы, ал эми шекердин 20 пайызы чыгарылат.
- Мамлекетте бюрократия деңгээли мындайча сүрөттөлөт: курулуш имаратын курууга уруксат кагазын алуу үчүн бир жылдын тегерегинде күтүүгө туура келет. (Мисалы, ал Мексика өлкөсүндө 82 күндү алат).
- Уй этин сатуу боюнча биринчи орунда турат.
- Дүйнөдөгү кофе өндүрүшүнүн үчтөн бир бөлүгү ушул өлкөгө тиешелүү.
- Футбол Бразилия жеринде номер биринчи спорт түрү болуп эсептелбегени менен, Бразилия футбол тарыхында беш жолу дүйнө чемпиону наамын жеңип алган: 1958, 1962, 1970, 1994, 2002.
- “Кылмыштуулук” рейтингинин тизмесинде он биринчи орунда турат.