Кыз менен жигит үй-бүлө куруп, үйлөнөйүн деп жүргөн убакта өздөрүн дүйнөнүн эң бактылуу адамдарындай сезет. Алардын келечекке түзгөн пландары менен ой-тилектери көп болот. Бири-бирине ант берип, “үйлөнгөндө мындай кылам, андай кылам” деп убада берет. Бир гана нерсе, ошол айтылган сөздөрдүн баары үй-бүлөлүү болгондон кийин унутулат, же күчүн жоготот. Муну үйлөнөйүн деп жүргөн жаштардын шаблон сөздөрү деп атап, ошондой “кулактан илген” тилектерди чогултуп сунуштоону туура көрдүк. Эмесе, жигиттер үйлөнөрдүн алдында кандай шаблон сөздөрдү карманышат? “Эгер мага күйөөгө тийсең, мен сени алаканыма салып жүрөм”. Мындай шаблон сөздөрдү көбүнчө кызды кайырмагына түшүрө албай жүргөн жигиттер колдонушат. Үйлөнгөндө алаканына сала турган жигит азыртан эле (үйлөнбөй эле) алаканына сала ала турганын далилдеши керек эмеспи? Эскертүү: “Алаканга салуу” сөзү материалдык абалдын бөлүгүндө гана айтылып жаткан жок. “Башыңдан бутуңа чейин кооздукка толтурам”. Бул шаблонду колдонгон жигиттер кызды өз ма