KYRGYZCHA SITE - КЫРГЫЗ, Кыргызча сайт, Окуялар, Намаз уйронуу, анекдоттор, аба ырайы, пайдалуу кеңештер, жанылыктар.MediaTurmush — Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Айдаркен шаарынын 24 жаштагы тургуну Усманали Кубанычбек уулуна түспөлдөш адамдар дүйнөдө сейрек кездешет. Ал альбинос деп айтылып, тери, каш-кирпигинен бери ак болуп төрөлүшөт. Анын төрөтканада альбинос экенин апасы эч таңыркоосуз кабыл алган. Анткени бул анын ата-тегинде кездешкен генетикалык тукум улоо болуп саналат.«Эс тарткандан баштап эле айылдаштарым: “сенин чоң атаң ушундай болчу” деп айтып калышар эле. Бул биздин канда бар, тукум кууйт. Үй-бүлөдө беш бир тууганмын, 4 кыз жана 1 уул. Менден кийинки карындашым да мага окшоп альбинос. Калгандарынын баарынын кашы-көзү кара. Мен төрөлгөндө дарыгерлер апама “бул сенин балаң” дешсе, жылмайып, таң калбай эле кабыл алган экен.Башка адамдардан айырмаланып, тери, каш, кирпик, чачтарым ак. Кудайга шүгүр, 12 мүчөм соо, ден соолугум чың. Көзүм көрөт, бирок көпчүлүгү “көзүңө көз айнек тагып ал” дешет. Мен ага көнгөн эмесмин, такпай эле жүрөм. Көчөдө кетип баратсам, баары таңыркап карай беришет. Буга чейин Россияда иштеп жүрдүм, ал жактагы мекендештер мени кыргыз деп ойлошчу эмес. Баары орус тилинде кайрылышчу, анан “мен кыргызмын” десем, таң калып карап калышчу.Альбиностордун териси жука болот. Анткени алардын организминде ткандарга өң берүүчү зат, меланин жок болот. Күнгө күйгөндө кадимки адамдар карарса, биз кызарабыз. Альбиностор Кыргызстанда көп деп угам. Дүйнөдө альбиностордун саны боюнча, Кыргызстан 4-орунда турат экен», – деди ал.Каарманыбыз учурда эмне менен алек болуп жатканын айтып берди.«Бир жолу жума намазга мечитке барсам, ошол жердеги аксакал киши: “сен кайсы айылда төрөлсөң, ошол айылдын нурусуң” деп кубантты. Бул Куранда дагы айтылган экен.Автобуста мени бир эже карап баратып, түшүп калчу аялдамасынан өтүп кетиптир. Анан мага “ай балам сени карап жатып, өтүп кеткен турбаймынбы” деп коёт (күлүп). Негизи мындай учурлар көп эле болот.Кичинекей кезимден эч ким менен мамиле кылууну каалабаган, түнт бала болчумун. Кийин ойлосом, менин чыгармачылыкка болгон шыгым бар экен. Азыркы тапта ыр жазып, тамадалык менен алектенем. Тойлорго кызматка барсам, “сиз менен чогуу сүрөткө түшүп алалы” дегендер көп. Анан да менин сөзүмө эмес, түсүмө көп көңүл бурушат», – деп сөзүн жыйынтыктады Усманали Кубанычбек уулу.Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.The post Айылдын нуру болгон Усманалинин Баткендеги жашоосу appeared first on KYRGYZCHA SITE. http://kyrgyzcha.site/
КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️ - Кыргызча кызыктуу окуялар. Баламдын оорусунан кийин баары мени таштап кетишти… Мен наристе күтүп жаткан бактылуу аял элем. Айланамда досторум, күйөөм, ата-энем жана иним бар эле. Мага ташдубалдын артында тургандай эле сезилчү жана мындай коргонучту эч нерсе буза албайт деп ойлочумун. Балам дени сак болуп төрөлгөн, үч күндөн кийин төрөт үйүнөн чыктык. Баары сонун, энелик сезимден ырахат алып жаткам. Бирок төрт айдан кийин менин жашоом тозокко айланып калды. Балам жөтөлүп баштаганда ооруканага алып бардым. Дарыгерлер ызы-чуу болуп эле анализдерди жасай башташты, бир нерсени эле тынымсыз текшере беришти. Мен анын эмне болгонун сурагандан да коркуп аттым, бирок палатама келген дарыгерлерден сурасам деле эч нерсе айтышпайт. Үч күндөн кийин баламдын акыбалы начарлап, дем алуучу аппаратка кошушту. Менин кичинекей уулум түтүкчөлөргө оролуп, өз алдынча дем ала албай калды. Дарыгерлер эч кандай кепилдик бере албастыгын, дарылануу жана дары-дармектер үчүн олуттуу сумма талап кылынарын айтышты. Эмне кыларымды билбей калдым… Ошондо мен уулумдун абалынан аябай коркуп тургам, бирок эң жаманы али алдыда деп ойлобоптурмун. Менин ушунчалык бекем үй-бүлөм бар эле, керектүү сумманы оңой эле чогултуп алмакпыз. Бир тууган иним адегенде эле баш тартты, башка максаттарга каралган акчасы бар экендигин, мага убактылуу да бере албастыгын, менин балам менен ооруканада отура албастыгын, колу да бош эмес экендигин айтты. Ал эми бир жарым жумадан кийин эч кандай насыясыз эле машина сатып алды.Ошондон кийин мен аны менен такыр сүйлөшпөй калдым, ал жээнинин өмүрүн машинага алмаштырып салды, ал эми мага керектүү сумма бул машинанын баасынан он эсе аз болчу. Бирок иним кескин реакция кылып, мен чоң адам экенимди, көйгөйлөрүмдү өзүм чечишим керек экенин эске салды. “Төрөбөй, окубайт белең. Окусаң иштеп тапмаксың” деген сөздөрү көкүрөгүмө уюп калды. Анын сөзүнөн кийин мен ыйлап жибердим, менин баламдын ушундай абалда экендигин билип туруп, кантип бирөө мындай сөз айта алат?! Ошол окуядан бери жети жыл өтсө да иним экөөбүз дагы деле сүйлөшпөйбүз.Мен апама айтканымда, ал да мени жубаткан жок, бирок күтүлбөгөн жерден: “Сен бизге акча үчүн келген жоксуң да, ээ? Бизде акча жок!” деди. Ал да иним айтканды айтты, “күйөөгө чыкпай, окуш керек болчу” дегенде, эң жакын адамымды тааный албай, делдейип туруп калдым. Анын сөзүн уккан да жокмун, эки сааттан кийин атама чалсам, ал апам тарапта экен.Менин күйөөм рейсте болчу, Москвага фура айдачу жана дээрлик бир ай бою эч кандай байланыш болгон эмес. Мен анын колдоосуна жана каражатына канчалык муктаж болуп жатканымды билген да жок. Парктын скамейкасына отуруп алып ыйладым, өзүмдү аягандан башка арга калбай калды. Банктан насыя ала алган жокмун, нике шакегимен баштап болгон башка алтындарымдын бардыгын ломбардга тапшырып, колума дээрлик элүү миң сом акча алдым.Биринчи айга дары сатып алып, ооруканага жеткирип бардым. Баламдын дарылоо курсун башташты, бирок менде көп акча калган жок, кийинки айга дагы 1,5 эсе көп керек. Эптеп майда-чүйдө менен иштеп баштадым, бирок айына 5000 сомдон ашык акча иштей алган жокмун. Мен дээрлик эч нерсе жебей калдым. Жолдошум байланышка чыкканда, ыйлап атып, ага баарын түшүндүрө албай койдум. Менин абалымды көргөн дарыгер телефонду алып, жолдошума баарын түшүндүрүп берди, андан кийин телефонду кайра мага берди. Ал мага жакын адамдар ушундай кылганына аябай таңкалды. Акчаны ал банктан чыгара алган жок, бирок ал достору менен байланышып, ошол эле күнү кечинде алар мага толук дарылануу курсу үчүн, ошондой эле кошумча чыгымдарды жапканга жетерлик акча алып келип беришти.Анын досторунун бири эртеси ооруканага келип, мени тынчтандырып, дарыгер менен сүйлөшүп, дагы эмне керек экенин талкуулап кетти. Мен аларга кантип рахмат айтарымды билбей турдум, анткени алар мени дээрлик таанышчу эмес.Мага бейтааныштар жардам беришип, ордуна эч кандай ыраазычылык күтпөстөн уулумду айыктырышты. Туугандарым мени талаага таштап салгандай эле абалда калтырышты. Ушундай чечүүчү учурда алардын бардыгы мени таштап кетишти.Балам тырышып атып, акыры айыгып…