Индонезиянын Флорес аралындагы Левотоби вулканы атылды. Күл 10 миң метр бийиктикке көтөрүлдү. Жергиликтүү тургундарга жана туристтерге коопсуздук чараларын көрүү сунушталды. 🌋 Индонезиянын Флорес аралында Левотоби вулканы атылды. 🌬️ Вулкандан чыккан күл 10 миң метр бийиктикке жетти жана батыш, түндүк-батыш жана түштүк-батыш багыттарында таралууда. 😷 Жергиликтүү бийликтер тургундар менен туристтерге дем алуу жолдорун коргоо үчүн маска жана респиратор колдонууга чакырышууда. 🏔️ Левотоби – кош чокулуу вулкан, анын Лаки-лаки чокусу 1 584 метр бийиктикте жайгашкан жана Перемпуан чокусунан 2,1 км түндүк-батышта орун алган. 🌏 Индонезия 18 миң аралдан турган дүйнөдөгү эң чоң архипелаг жана Тынч океандын Оттуу шакекчесинде жайгашкан, бул аймакты күчтүү сейсмикалык активдүүлүккө дуушар кылат. Индонезияда 500дөн ашуун вулкан бар, алардын 130у активдүү.