Бишкек шаарынын мэриясы жаңы башкы планды иштеп чыгуу алкагында шаардык жашоонун бардык тармактарын, анын ичинде транспорт системасын жакшыртуу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүдө. Шаар тургундарынын транспорттук агымдарын талдоо көрсөткөндөй, 41% жеке транспорт же такси, 38% коомдук транспорт, ал эми 21% жөө, велосипед же самокат менен жүрөт. Шаар борборунда иш, окуу жана соода жайлары топтолгондуктан, негизги агым ошол жакка багытталат. Ленин жана Октябрь райондорунун тургундары бул себептерден улам башка райондорго көп барышат. Бишкекте мектептердин инфраструктурасы ашыкча жүктөлгөн, анткени Чүй облусунан күн сайын 20 миң окуучу келип окуйт. 2025-жылга чейин 15 көчөнү капиталдык оңдоо, 6 жаңы көчө куруу жана 2 көпүрөнү реконструкциялоо пландалууда. Транспорттук түйүндөрдүн долбоорлору даярдалып жатат, ал эми борбордук магистралдарды жеңилдетүү үчүн айланма жолдор куруу пландалууда. Шаардыктар менен биргеликте жаңы башкы планга сунуштар киргизилет. 🚗 Бишкек шаарынын мэриясы жаңы башкы пл