Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Ала-Букада айыл чарба продукциясын сактоо үчүн 500 тонналык жаңы кампаны куруп жатышат.

Ала-Букин районунда айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана сактоо боюнча долбоор ишке ашырылууда. Жаңы логистикалык борбор 150 жана 500 тонналык кампалар менен камсыздалат. 20 гектар болгар калемпири пилоттук негизде отургузулуп, жыйналган түшүм өлкө рыногуна жеткирилет.

📦 Ала-Букин районунда айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана сактоо боюнча долбоор ишке ашырылууда.

🏗️ 2023-жылы жеке ишкер Азамат Жайлообаев 150 тонна сыйымдуулуктагы логистикалык кампаны куруп, ишке киргизген. Учурда 500 тонна сыйымдуулуктагы заманбап кампаны куруу иштери жүрүп жатат.

🍏 Жаңы логистикалык борбор азык-түлүк коопсуздугунун талаптарына жооп берет жана ал жерден мөмө-жемиштерди сактоо, таңгактоо жана сатуу иштери жүргүзүлөт.

🌶️ Ала-Букин жана Аксы райондорунда пилоттук негизде 20 гектар болгар калемпири отургузулуп, гектарынан 20–25 тонна түшүм алуу күтүлүүдө.

🚜 Жыйналган түшүм жаңы кампада сакталып, өлкөнүн базарына жеткирилет.