Кыргызстан жарандары АКШда коммерциялык айдоочулук күбөлүктөрдү алуу жана узартуу үчүн жаңы талаптар менен тааныш болушу керек. Грин-карта ээлери жана иш визасы бар чет элдиктер гана күбөлүк ала алышат. 🚛 АКШда коммерциялык айдоочулук күбөлүктөрдү (CDL) алуу жана узартуу боюнча жаңы эрежелер киргизилди. 📅 2025-жылдын 26-сентябрынан баштап жаңы федералдык талаптар күчүнө кирди. 🛂 Жаңы эрежелерге ылайык, CDL алуу же узартуу укугу жашыл карта ээлерине жана H-2A, H-2B, E-2 категориясындагы жумушчу визалары менен АКШда жүргөн чет элдик жарандарга берилет. ❗ Жумушка уруксат кагазы (EAD) жана социалдык камсыздандыруу номери (SSN) CDL алуу же узартуу үчүн жетишсиз. 🗂️ Кыргыз Республикасынын жарандары, CDL талап кылынган транспорт каражаттарын башкаруу менен алектенгендер, документтерин алдын ала текшерип, керектүү шарттарды аткарууга чакырылат.
АКШдагы кыргызстандыктарга коммерциялык айдоочулук күбөлүктөр боюнча жаңы талаптар тууралуу эскертүү берилди
1 октября 20251 окт 2025
~1 мин