Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Бишкекте эттин баасын жогорулаткан сатуучулар айыпка жыгылды

Бишкекте Орто-Сай базарында эттин баасынын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө максатында мониторинг жүргүзүлдү. Буузу бааларды орноткон ишкерлерге 13 миң сом айып салынды. 🛒 Бишкекте Орто-Сай базарында эттин баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөө максатында мониторинг жүргүзүлдү. 🔍 Антимонополия жөнгө салуу кызматы Октябрь райондук администрациясы, муниципалдык инспекция, МТУ жана Октябрь райондук ИИБ менен биргеликте текшерүү жүргүздү. 💬 Сатуудагы уй жана кой эти (сөөксүз эттен тышкары) текшерилди. Сатуучулар жана ишкерлер менен бааларды түзүүдө мамлекеттик нормаларды жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча мыйзамдарды сактоо зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. ⚖️ Эттин баасын жогорулаткан ишкерлерге административдик айып салынды. Жеке ишкерлерге Кыргыз Республикасынын Кодексинин 290-беренеси боюнча протокол түзүлүп, ар бирине 13 миң сом айып салынды. 📈 Бул чаралар эттин баасынын негизсиз жогорулашына жол бербөө жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатын көздөйт

Бишкекте Орто-Сай базарында эттин баасынын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө максатында мониторинг жүргүзүлдү. Буузу бааларды орноткон ишкерлерге 13 миң сом айып салынды.

🛒 Бишкекте Орто-Сай базарында эттин баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөө максатында мониторинг жүргүзүлдү.

🔍 Антимонополия жөнгө салуу кызматы Октябрь райондук администрациясы, муниципалдык инспекция, МТУ жана Октябрь райондук ИИБ менен биргеликте текшерүү жүргүздү.

💬 Сатуудагы уй жана кой эти (сөөксүз эттен тышкары) текшерилди. Сатуучулар жана ишкерлер менен бааларды түзүүдө мамлекеттик нормаларды жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча мыйзамдарды сактоо зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

⚖️ Эттин баасын жогорулаткан ишкерлерге административдик айып салынды. Жеке ишкерлерге Кыргыз Республикасынын Кодексинин 290-беренеси боюнча протокол түзүлүп, ар бирине 13 миң сом айып салынды.

📈 Бул чаралар эттин баасынын негизсиз жогорулашына жол бербөө жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатын көздөйт.