Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Кабмин памирлик кыргыздарды жана кайрылмандарды колдоо программасын бекитти

Министрлер кабинети 2026–2029-жылдарга Афганистандын Памиринен келген этникалык кыргыздар жана кайрылмандарды колдоо программасын бекитти. Бул чечимди Адылбек Касымалиев кол койду. 🇰🇬 Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келген этникалык кыргыздарды жана кайрылмандарды колдоо боюнча 2026–2029-жылдарга Программаны бекитти. 📋 Программа этникалык кыргыздар менен кайрылмандарды колдоо максатында иштелип чыккан. 🗓 Программаны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы, мониторинг жана баалоо индикаторлорунун матрицасы, ошондой эле бюджет бекитилди. 📊 Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Иш-чаралар планынын аткарылышы боюнча маалыматты квартал сайын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине беришет. 🗂 Министрлик жарым жылдын жыйынтыгы боюнча резиденттин администрациясына жыйынтык маалымат берет. 📅 Токтом кол коюлган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Министрлер кабинети 2026–2029-жылдарга Афганистандын Памиринен келген этникалык кыргыздар жана кайрылмандарды колдоо программасын бекитти. Бул чечимди Адылбек Касымалиев кол койду.

🇰🇬 Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келген этникалык кыргыздарды жана кайрылмандарды колдоо боюнча 2026–2029-жылдарга Программаны бекитти.

📋 Программа этникалык кыргыздар менен кайрылмандарды колдоо максатында иштелип чыккан.

🗓 Программаны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы, мониторинг жана баалоо индикаторлорунун матрицасы, ошондой эле бюджет бекитилди.

📊 Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Иш-чаралар планынын аткарылышы боюнча маалыматты квартал сайын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине беришет.

🗂 Министрлик жарым жылдын жыйынтыгы боюнча резиденттин администрациясына жыйынтык маалымат берет.

📅 Токтом кол коюлган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.