Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Туманбаев: Кызматкерлерди турак жай жана татыктуу айлык менен камсыз кылуу коррупциялык тобокелдиктерди азайтат

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев коррупцияны алдын алуу боюнча жыйын өткөрдү. Ал коррупциянын мамлекеттин өнүгүүсүнө тоскоолдук жаратканын жана ар бир жетекчинин жеке жоопкерчилиги экенин белгиледи. 🇰🇬 Коррупция мамлекеттин өнүгүүсүнө чоң тоскоолдук жаратат, экономикага зыян келтирип, жарандардын бийликке болгон ишенимин төмөндөтүп, ар бир адамдын келечегине түздөн-түз таасир этет. 🛡 Президент Садыр Жапаров коррупцияга каршы күрөшкө өзгөчө көңүл буруп, саясий эрк көрсөтүп келет, ал эми ГКНБнын төрагасы Камчыбек Ташиев бул саясаттын ишке ашырылышын катуу көзөмөлдөп турат. 💼 Ар бир жетекчи жана кызматкер бул көрүнүшкө каршы күрөшүүдө жеке жоопкерчиликти сезиши керек. 🏠 Коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу үчүн социалдык шарттар түзүлүүдө, анын ичинде кызматкерлердин айлык акылары көтөрүлүп, ипотека аркылуу турак жай менен камсыздоо программалары ишке ашырылууда. 🎯 Максат — таза жана адилеттүү коомду түзүү жана куруу.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев коррупцияны алдын алуу боюнча жыйын өткөрдү. Ал коррупциянын мамлекеттин өнүгүүсүнө тоскоолдук жаратканын жана ар бир жетекчинин жеке жоопкерчилиги экенин белгиледи.

🇰🇬 Коррупция мамлекеттин өнүгүүсүнө чоң тоскоолдук жаратат, экономикага зыян келтирип, жарандардын бийликке болгон ишенимин төмөндөтүп, ар бир адамдын келечегине түздөн-түз таасир этет.

🛡 Президент Садыр Жапаров коррупцияга каршы күрөшкө өзгөчө көңүл буруп, саясий эрк көрсөтүп келет, ал эми ГКНБнын төрагасы Камчыбек Ташиев бул саясаттын ишке ашырылышын катуу көзөмөлдөп турат.

💼 Ар бир жетекчи жана кызматкер бул көрүнүшкө каршы күрөшүүдө жеке жоопкерчиликти сезиши керек.

🏠 Коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу үчүн социалдык шарттар түзүлүүдө, анын ичинде кызматкерлердин айлык акылары көтөрүлүп, ипотека аркылуу турак жай менен камсыздоо программалары ишке ашырылууда.

🎯 Максат — таза жана адилеттүү коомду түзүү жана куруу.