Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Жалал-Абад облусунда трансформаторлорду оңдоочу жаңы цех курулат.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барып, трансформаторлорду оңдоо цехинин пайдубалына убакыт капсуласын койду. Жаңы имарат кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, иш сапатын жогорулатат. Ала-Бука РЭСи да оңдолуп, заманбап LED-экран орнотулду, бул кызматкерлерге жүктөмдү алыстан көзөмөлдөөгө жана өчүрүүлөрдү ыкчам аныктоого мүмкүндүк берет. 🔧 Министр энергетики КР Таалайбек Ибраев эки күндүк иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барды. Ал Аксы райондук электр тармактары базасында трансформаторлорду оңдоо цехинин пайдубалына убакыт капсуласын койду. 🏗️ Цехтин мурунку имараты 1980-жылдары ашар ыкмасы менен курулган жана санитардык нормаларга жооп бербей калган. Быйыл объект Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын капиталдык курулуш планына киргизилип, ОАО «НЭСК» тарабынан 7,5 млн сом бөлүнгөн. 🗓️ Цехтин курулушу 2025-жылдын күзүндө аяктайт. Ибраев жаңы имарат кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, алардын ишинин сапатын жакшыртат деп белги

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барып, трансформаторлорду оңдоо цехинин пайдубалына убакыт капсуласын койду. Жаңы имарат кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, иш сапатын жогорулатат. Ала-Бука РЭСи да оңдолуп, заманбап LED-экран орнотулду, бул кызматкерлерге жүктөмдү алыстан көзөмөлдөөгө жана өчүрүүлөрдү ыкчам аныктоого мүмкүндүк берет.

🔧 Министр энергетики КР Таалайбек Ибраев эки күндүк иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барды. Ал Аксы райондук электр тармактары базасында трансформаторлорду оңдоо цехинин пайдубалына убакыт капсуласын койду.

🏗️ Цехтин мурунку имараты 1980-жылдары ашар ыкмасы менен курулган жана санитардык нормаларга жооп бербей калган. Быйыл объект Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын капиталдык курулуш планына киргизилип, ОАО «НЭСК» тарабынан 7,5 млн сом бөлүнгөн.

🗓️ Цехтин курулушу 2025-жылдын күзүндө аяктайт. Ибраев жаңы имарат кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, алардын ишинин сапатын жакшыртат деп белгиледи.

👥 Министр ошондой эле кызматкерлер жамааты менен жолугушуп, актуалдуу маселелерди талкуулады жана кызматкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү улантыларын айтты.

🏢 Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев, министр Ибраев жана ОАО «НЭСК» башкы директору Алтынбек Рысбеков капиталдык оңдоодон өткөн Ала-Бука РЭСинин имаратынын абалы менен таанышып, анын ачылыш аземине катышты.

💡 Жаңыланган имаратта кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, диспетчердик бөлүмгө заманбап LED-экран орнотулган. Бул кызматкерлерге ар кайсы райондордогу жүктөмдү алыстан көзөмөлдөп, өчүрүүлөрдү ыкчам аныктоого мүмкүнчүлүк берет.

🚗 Министр Ала-Бука РЭСине JAG үлгүсүндөгү бир бригадалык автомашинаны тапшырды, бул кызматкерлердин ишин жеңилдетет.