Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Бишкекте искусство менен гендердик статистиканы бириктирген көргөзмө өтөт.

Улуттук тарых музейинде аялдардын коомдогу ордун чагылдырган «Тирек: Нить её жизни» дата-арт көргөзмөсү өтөт. Борбордук Азиядан тандалган 14 чыгарма гендердик статистика менен визуалдык искусствону айкалыштырат. 🎨 “Тирек: Нить её жизни” көргөзмөсү 23-июлда Г.Айтиев атындагы Улуттук тарых музейинде ачылат. Бул маданий иш-чара Борбор Азия өлкөлөрүнөн тандалып алынган 14 дата-арт чыгармаларын камтыйт. 👩‍🎨 Көргөзмөдө аялдардын коомдогу ролун чагылдырып, визуалдык искусство менен гендердик статистиканы айкалыштырат. Чыгармалар лидерлик, көрүнбөгөн эмгек, дискриминация, зордук-зомбулук жана энелердин өлүмү сыяктуу темаларды камтыйт. 💪 “Тирек” деген сөз кыргыз тилинен “опора” деп которулат жана аялдардын социалдык басым алдында туруктуулугун билдирет. Бул сыяктуу демилгелер инклюзивдүү жана аң-сезимдүү коомду калыптандырууга өбөлгө түзөт. 🙏 Маданият министрлиги көргөзмөнүн уюштуруучуларына, сүрөтчүлөргө, менторлорго, кураторлорго, ошондой эле БУУ-Аялдар уюмуна жана анын расмий өкүлү Сади

Улуттук тарых музейинде аялдардын коомдогу ордун чагылдырган «Тирек: Нить её жизни» дата-арт көргөзмөсү өтөт. Борбордук Азиядан тандалган 14 чыгарма гендердик статистика менен визуалдык искусствону айкалыштырат.

🎨 “Тирек: Нить её жизни” көргөзмөсү 23-июлда Г.Айтиев атындагы Улуттук тарых музейинде ачылат. Бул маданий иш-чара Борбор Азия өлкөлөрүнөн тандалып алынган 14 дата-арт чыгармаларын камтыйт.

👩‍🎨 Көргөзмөдө аялдардын коомдогу ролун чагылдырып, визуалдык искусство менен гендердик статистиканы айкалыштырат. Чыгармалар лидерлик, көрүнбөгөн эмгек, дискриминация, зордук-зомбулук жана энелердин өлүмү сыяктуу темаларды камтыйт.

💪 “Тирек” деген сөз кыргыз тилинен “опора” деп которулат жана аялдардын социалдык басым алдында туруктуулугун билдирет. Бул сыяктуу демилгелер инклюзивдүү жана аң-сезимдүү коомду калыптандырууга өбөлгө түзөт.

🙏 Маданият министрлиги көргөзмөнүн уюштуруучуларына, сүрөтчүлөргө, менторлорго, кураторлорго, ошондой эле БУУ-Аялдар уюмуна жана анын расмий өкүлү Садик Сайедге долбоордун ишке ашырылышына салым кошкондугу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.

🎟️ Көргөзмө алкагында экскурсиялар, мастер-класстар, кино көрсөтүүлөр жана воркшоптор өткөрүлөт. Кирүү акысыз.