Билим берүү мекемелерин жакшыртуу жана мугалимдердин статусун көтөрүү зарылдыгын баса белгилеп, Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Ноокат районундагы мектептерге кошумча имарат куруу боюнча тапшырма берди. 🎓 Нурланбек Тургунбек уулу Ноокат районундагы Бостон айылына иш сапары менен барып, Буваназар Шаназаров атындагы орто мектептин абалы менен таанышты. Бул мектеп 2021-жылы эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен 192 орунга ылайыкташтырылып курулган, бирок азыр ал жерде 557 бала билим алууда. 🏫 Жергиликтүү тургундар мектептин тартыштыгын айтып, кошумча билим берүү имаратын курууга жардам сурашты. Нурланбек Тургунбек уулу бул маселени чечүү үчүн тиешелүү мамлекеттик мекемелердин жетекчилерине тапшырма берди. 👩🏫 Мектептерди куруу менен гана чектелбестен, аларды квалификациялуу мугалимдер менен камсыз кылуу зарылдыгы баса белгиленди. Мугалимдердин эмгек акысын жогорулатуу жана кесиптин аброюн көтөрүү аркылуу жаш кадрларды тартуу максатында мамлекет аракеттерди көрүп жа
Мугалимдерди демилгелебей туруп, жаш кадрларды бул кесипке тартуу мүмкүн эмес – Торага ЖК.
20 июня 202520 июн 2025
1 мин