Бишкекте өткөн "Инвестициялык форум-2025те" Кыргызстандын агроөнөр жай комплексиндеги келечектүү инвестициялык долбоорлор сунушталды. Долбоорлор аймактарды өнүктүрүү, жумуш орундарын түзүү жана экспорттук потенциалды жогорулатууга багытталган. 🌱 Бишкекте өткөн “Инвестициялык форум-2025” алкагында Кыргызстандын агроөнөр жай комплексиндеги эң келечектүү инвестициялык долбоорлор сунушталды. Бул долбоорлор аймактарды өнүктүрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга багытталган. 🐔 Иссык-Көл облусунда курула турган “Кыргыз Бройлер” канаттуулар фабрикасы негизги долбоорлордун бири болуп саналат. 11,6 миллион АКШ долларына бааланган бул долбоор инкубациялык жумурткаларды өндүрүү үчүн энелик канаттууларды өстүрүүнү көздөйт. 🌿 Чүй облусунун Жайыл районундагы ферула (асафетида) дары өсүмдүгүн өстүрүү боюнча чарбанын уюштурулушу да сунушталды. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн 51 миллион сом инвестиция талап кылынат жана алгачкы түшүм 42 тонна чийки затты жылы