Баткен шаарындагы эл аралык «Ыр майрамы» фестивалында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң гала-концерт өттү. Бул иш-чара элдердин достугун жана биримдигин даңазалады. 🎤 Эл аралык «Ыр майрамы» фестивалынын алкагында Баткен шаарындагы борбордук стадиондо Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң гала-концерт өттү. 🎉 Иш-чараны Баткен облусундагы КР президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов ачып, үч коңшу өлкөнүн элдерин тынчтык жана достук фестивалы менен куттуктады. 🌟 Концертте Кыргызстандын белгилүү артисттери Саламат Садыкова, Роза Аманова, Ырыскелди Осмонкулов, Самара Каримова, Аскат Мусабеков, Миргүл Асаналиева жана Нурлан Насип өз өнөрлөрүн тартуулашты. 🎶 Өзбекстандан «Ялла» тобунун легендарлуу солисти Фаррух Закиров жана ырчы Севинч Муминова сахнага чыгып, көрүүчүлөргө жаркын эмоцияларды тартуулашты. 💃 Тажикстандан Дилноза Каримова, Хасан Камол, Шерози Камол сыяктуу ырчылар жана бий т
Кыргыз, өзбек жана тажик жылдыздары Баткенде бир сахнага чыгышты
1 июня 20251 июн 2025
~1 мин