Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барып, аймактын өнүгүү пландары менен таанышты. Аймакта жолдор, мектептер, оорукана жана ГЭСтердин курулушу жүрүп жатат. Туризм тармагында да иштер уланууда. 🌍 Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-майда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында анын өнүгүү пландары менен таанышты. 📊 Облустун социалдык-экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрү жана жергиликтүү калктын жашоо сапатын жакшыртуу, экономикалык өсүштү стимулдаштыруу максатында ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат берилди. 💰 Ысык-Көл облусунун бюджети 1 миллиард 668 миллион сомду түзөт, ал эми ички жана тышкы инвестициялардын көлөмү 10 миллиард сомдон ашты. 🛣️ Облус аймагында 311 км жол курулууда, анын ичинде ири долбоорлор: Түп – Кеген, Балыкчы – Барскоон, Корумду – Балбай. Жакын арада Барскоон – Каракол автожолунун курулушу башталат. 🏗️ 134 объекттин курулушу жүрүп жатат, алардын ичинен 69 объект пайдаланууга берилди. Булардын кат
Садыр Жапаров Ысык-Көл облусун өнүктүрүү пландары менен таанышты
23 мая 202523 мая 2025
1 мин