Балыкчы шаарында жайкы туристтик сезондун алдында жээк зонасын жакшыртуу иштери башталды. Шаар мэри Азамат Арнабек уулу ишкерлер менен жолугушуп, убактылуу курулмаларды шаар архитектурасына шайкеш келтирүү зарылдыгын белгиледи. 🌊 Балыкчы шаарында жайкы туристтик сезонго карата көл жээгин көрктөндүрүү иштери башталды. 🏖️ Иссык-Көлдүн жээгинде жайгашкан павильондордун жана соода түйүндөрүнүн сырткы көрүнүшүнө өзгөчө көңүл бурулууда. 🤝 Шаар мэри Азамат Арнабек уулу жээк зонасында иш алып барган ишкерлер менен жолугушуп, убактылуу курулмаларды шаардык эстетикага ылайык бирдиктүү архитектуралык стилге келтирүү зарылдыгын белгиледи. 🌿 Мэр санитардык жана экологиялык нормаларды сактоо боюнча да басым жасады. Ишкерлер бул демилгени колдоп, муниципалитет менен кызматташууга даяр экенин билдиришти. ⏳ Пляж аймагын иретке келтирүү иштери жакынкы күндөрү аяктайт.